Коомдук саламаттыкты сактоо программасы

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун 2017-2020-жж. карата стратегиясынын алкагында “Коомдук саламаттыкты сактоо” программасы Кыргыз Республикасында калктын аялуу, маргиналдашкан катмарларынын саламаттыкты сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнө жана адилеттүүлүккө байланышкан укуктарын адвокациялоого багытталган демилгелерге колдоо көрсөтөт. Көрсөтүлгөн демилгелер төмөндөгү милдеттер аркылуу ишке ашырылат:

  1. Аялуу, маргиналдашкан топторго медициналык-социалдык кызматтарды жана укуктук жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле, аларды саламаттыкты сактоо саясаттарында, улуттук мыйзамдарда жана мыйзам алдындагы жөнгө салуучу документтерде белгилөө жаатындагы муктаждыктарын жана керектөөлөрүн туура чечүү үчүн мамлекеттик, эл аралык уюмдардын, ошондой эле, коомчулуктун кызыкчылыктарын чагылдырган коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду, өз ара иш-аракеттерди түзүү жана өнөктөштүк менен кызматташтыкты чыӊдоо .
  2. Бейтапканадан сырткары паллиативдик жана психиатриялык жардам көрсөтүү программаларын, зыянды азайтуу, опиоидди алмаштыруучу терапия программаларын мамлекет тарабынан каржылоону адвокациялоо. Программа АИВди алдын-алуу программасынын улуттук каржылоого өтүүдөгү «Жол картасын» киргизүү, паллиативдик жана психиатриялык жардам көрсөтүү кызматтарынын туруктуулугуна байланыштуу иштелип чыккан нормативдик-укуктук актыларды ишке киргизүү жана аларды саламаттыкты сактоо системасында интреграциялоо, коомдук уюмдардын саламаттыкты сактоо уюмдарынын бюджетине мониторинг жасоо, ошондой эле, аялуу топтор үчүн жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго колдоо көрсөтүүдөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулук жаатында потенциалын көтөрүү боюнча бардык кызыккан тараптардын биргелешкен иштерине багытталган долбоорлорду баштайт.
  3. Калктын аялуу, маргиналдашкан топторуна карата дискриминациялык укук колдонуу практикасынын деӊгээлин азайтуу, Мамлекет кепилдикке алган юридикалык жардам боюнча иштеген адвокаттарды тартуу менен “көчө юристтери” моделин андан-ары өнүктүрүү, бенефициарлардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, аялуу, маргиналдашкан топтор менен иштеген уюмдардын базасында юридикалык кызматтарды көрсөтүүнүн туруктуу моделин иштеп чыгуу.

Байланышуу:

Айбек Мукамбетов 
«Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору
E-mail: amukambetov@soros.kg

Илимбек Садыков
«Коомдук саламаттык сактоо» программасынын координатору
E-mail: isadykov@soros.kg

Гульнара Исабаева 
«Коомдук саламаттык сактоо» программасынын координатору
E-mail: gulnara@soros.kg

Бактыгуль Чалгынчиева
«Коомдук саламаттыкты сактоо» программанын координатору
E-mail: baktygul@soros.kg

Айпери Бообекова
«Коомдук саламаттыкты сактоо» программанын координатору
E-mail: aboobekova@soros.kg