“Сорос-Кыргызстан” Фондунун маалымат программасы “Кыргыз Уикипедиячыларынын Биринчи Республикалык Жыйынына” катышууга чакырат!

Максаты: Кыргыз уикипедиясынын өнүктүрүүчүлөр жамаатын колдоо аркылуу эркин толтурулуучу http://ky.wikipedia.org/ энциклопедиясын өнүктүрүү.

Жыйындын катышуучулары wikipedia энциклопедиясын толтуруу ыкмаларына үйрөтүлөт. Үйрөтүү тажрыйбалуу укипедиячылар тарабынан жүргүзүлөт. Үйрөтүүдөн сырткары сиздерди кызыктуу мелдештер, оюндар жана байгелер күтүп турат.

Жыйындын орду жана мөөнөтү: Керемет Ысык-Көлдүн жээгинде Талисман Вилиж эс алуу борборунда Бештин айынын (декабрь) 16-18 чейин өтөт.

Ким катыша алат?
Кыргыз тилиндеги маалыматтарды өнүктүрүүнү каалаган жана кыргыз тилинде “Эмне үчүн уикипедияны кыргыз тилинде өнүктүрүү керек?” темасында баян (эссе) жазып жиберген кыргыз жарандары.

2011 ж. Бештин айынын 2сине (2 декабрь) чейин жазма баяндарды жана резюмеңизди wikiweek.kg@gmail.com э-дарегине жөнөтүңүз. Сынакка талапкерлик кылгандар арасынан 10 катышуучу тандалып алынат.

Жыйынга түз сынак аркылуу өткөндөрдөн сырткары ЖОЖдор аркылуу жөнөтүлгөн студенттердин тобу катышат.