“Мен анда эс тартып, 7 жашта элем. Биздин Сулумаймак айылында Раймалынын аялы Шакый каза болуп калды (Раймалы Ч.Айтматовдун “Махабат дастаны” повестиндеги каармандын прототиби — Автор). Эмнегедир айылдык балдар көрүстөндүн жанында көп ойнор элек, а Раймалынын балдары энесинин мүрзөсүн карап алып ботодой боздоп ыйлашчу. Биз да аларга кошулуп ыйлачубуз. Алардын ый-зары жүрөгүбүздөн өтүп, жалпыбыздын кайгыбыз болуп калган. Ата-энеси жок студент балдар үчүн фонд түзгөндө “Эне” деп атаганым да ошондон.

“Эне” кайрымдуулук фондунун түзүлүшүнө дагы бир жүрөк өрттөгөн окуя себеп болду. Бул 1994-жыл эле. Автокырсыктын кесепетинен ата-энеси бир учурда өлүп, үч баланын томолой жетим калганына күбө болдум. Ушул окуя мага аябай таасир калтырды. Бир эле күндүн ичинде энесинен да, атасынан да ажырап калган балдардын тагдыры жанымды жай койбоду”, — дейт “Эне” кайрымдуулук фондунун төрайымы, 43 жылдан бери Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Даңк” медалынын ээси Жыргал Момбекова.

Жетим студенттердин стипендиясын көбөйткөн мэрге ыракмат

— “Эне” кайрымдуулук фондунун уюшулушуна быйыл 27-февралда 17 жыл толуп оту­рат. Бул жылдардын ичинде 14 окуу жайынан 2 миңге жакын томолой жетимдерге жардам бердик. Биздин фонд башка фонддордон айырмаланып, өкмөттүк уюм же Бишкек шаарынын мэриясы, шаардык кеңеш менен тыгыз иштешебиз. Ушунча жылда сегиз мэр менен бирге иштешиппиз. Баарынын жакшылыгын, фондго жардамын көрүп келатабыз. Иса Өмүркулов мэр болуп келгени студенттердин стипендиясын ай сайын 700 сомдон 1000 сомго көтөрдү, ал үчүн Иса Шейшенкуловичке чоң ыракмат. Мэрге маселебизди айта албай калсак, мэриянын аппарат жетекчиси Эрмек Мамыркалиев мэр менен байланыштырып, колунан келишинче көп жылдардан бери жардам берип келатканына терең ыраазымын.

Биздин иш-аракетибизден улам 14 окуу жайында ата-энеси жок студенттер акы төлөөдөн кутулушту, бул биз үчүн абдан чоң жеңиш, ийгилик деп айтар элем. Мэрдин стипендиясын студенттер Бишкектин төрт райондук социалдык коргоо бөлүмүнөн алышат. Негизги максатыбыз окууга өтүшкөн ата-энесиз студент балдардын окуусун бүтүрүү, жок дегенде сырттан билим алышса да колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Анткени, жогорку билимдүү болушса, жерде калышпай өз оокаттарын өзү кылып, турмуштан ордуларын таап кетишерине ишенебиз.

Оогандык жигит кызды ыйлатып таштап кетти

Он жети жылдан берки байкообузда ата-энесиз студенттердин көп эле укуктары бузулуп, башкалардан ыдык көрүп калышарын көрдүк. Алардын арасында бир туугандары менен араздашкан учурлары болот. Же болбосо башка бирөөлөр аларды алдап кеткен учурлар кезигет. Айрым мисалдарды келтирейин. Медакадемияда окуган студент орус кыз чогуу окуган оогандык студентке турмушка чыгат. Ал окуусун бүтүп кетип жатканда “бизде орус­тан аял алууга уруксат жок” деп баласы менен боздотуп таштап кетсе, агрардык академияда окуган кыз бир жигит менен сүйлөшүп жүрүп, боюнда болуп калса, ал жигит албай качып кетиптир. Ал баласын сектага таштап, эптеп окуу­­сун бүт­­тү. Бир топ кыйынчылыкты­ башынан өткөрдү. Белгилүү бир артисттин кызы өз бир тууганы менен сот­тошуп, Жогорку сот­ко че­йин бар­ганбыз. Мына ушундай окуялар­дын көптүгү бизди абдан тынчсыз­дандырчу, кабыргабызды ка­йыштырчу. Жогоркудай кыр­даал­дарда кантип жардам көрсөтүү керектигин күндүр-түндүр ойлонор элем. Мына ушундай татаал жагдайларда студенттер өздөрүнүн укугун билүүсү керектигин байкап, долбоор алып чыгууга туура келди. 2011-жылы ата-энелери жок жаштардын, студенттердин укугун таануу боюнча «Сорос-Кыргызстан» фондуна долбоор жазып утуп алганда чынында кубандык.

Бул долбоор өткөн жылдын сентябрь айынан бери ишке ашырылып жатат. Анын алкагында студенттердин арасында социологиялык иликтөө жаатында бир китеп, студенттердин профсоздук жардам алуусу боюнча буклет чыгардык. Дагы ушундай өңүттө эки китеп чыгарууну болжоп жатабыз. Эл аралык уюмдардын көбүнө эле ыракмат, бирок, «Сорос-Кыргызстан» фондуна ушул жааттан өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Ар бир окуу жайында студенттер менен тегерек үстөл өткөрүп, алардын укуктары жөнүндө маалымат бердик. Бул окуу жайлардын ректорлору, тарбия иштери боюнча проректорлору, жаштар коому менен жолугушуп, студенттер укуктук жактан сабаттуу болушу үчүн аракет кылуудабыз. Вашингтон университетинин доктору наамын алып келген улуттук университеттин проректору укук жаатында мыкты адис Руслан Мырзалимов ата-энеси жок жаштардын укугун билүү боюнча лекция окуп, алар кызыккан суроолорго жооп берет. Мындан сырткары КТУнун проректору Гүлмира Белекова, Агрардык академиянын проректору Светлана Ботоканова, И.Арабаев атындагы педуниверситеттин профсоюз уюмунун жетекчиси доцент Мария Анарбекова, полковник Каана Айдаркул, МУКтан Гүлсайра Акматова, КУУнун проректору Жеңиш Акматов көп колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле бир топ эл аралык уюмдар, айрыкча Кыргызстандагы Сорос фондунун ишин жүргүзүп жатышкан Кумар Бекболотов, Эмил Көңүлькулов баштаган кызматкерлерге чоң ыракмат айтам жана иштерине ийгилик каалайм.

Билбей кетип  калышып, кырсыктарга туш болушат

Ата-энелүү балдар бардык жактан камкордукка алынган, ал эми ата-энеси жок балдар өздөрү менен өзү, өбөк-жөлөк көрсөтчү эч кимиси жок. Ошол себептен Өкмөткө караштуу жаштардын эмгек биржасы менен меморандум түзгөнбүз. Анын аркасында студенттер окуудан сырткары мезгилде иш таап иштеп жатышат. Бир гана медакадемиянын студенттери кечкисин өзүнүн системасында, башкача айтканда ооруканаларда, медициналык мекемелерде иштешет. Калган студенттер өздөрү каалаган иш менен алектенишет. Бул дагы «Сорос-Кыргызстан» фондунун долбоорду каржылоо менен бизге көрсөткөн жардамы. Мындан тышкары окууну бүтүп кеткенде да биз алардын иштегени бараткан жерине мэр, шаардык кеңештин төрагасы, жаштар уюму менен биргелешип, атайын жолдомо беребиз. Алар барган жеринде келишим түзүшөт. Мына ушунда да студенттердин укугун билүүсү жөнүндө кам көрүлөт. Анткени, тигил жакта иш бар экен деп кетишип эле ар кандай кырсыктарга, жаман окуяларга туш болуп жатышпайбы. Эгерде укуктук жактан билимдүү болушса, терс окуялардын курмандыгы болушпайт. Мындай мисалдарды айтып, колдоруна кагаз берип, бардыгын түшүндүрөбз. Мындан сырткары сот тармагы менен иштешебиз. Бизге бул жаатта бир топ жылдардан бери Свердлов районунун сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы кеп-кеңеш берип келатат. Медициналык жактан да акысыз жардам берүүнү уюштурганбыз. Кургак учук илим-изилдөө институтунун бөлүм башчысы Раиса Тыныстанова бизден жардамын аябайт. Себеби, көп жаштарыбыз оорусун айтпай жашырышат, догдурга баргандан тартынышат. Ошондуктан кургак учук дарты менен ооруп калгандан шектенсе, аты-жөнүңдү айтпай барып текшерил деп жогорку институтка, Раиса Исмаиловнага жөнөтөбүз. Негизи биз камкордукка алган студенттер акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Кайыргүл Сартбаева,  Роза Айтматова фонддун активдүү мүчөлөрү

Былтыр атактуу ырчыбыз “Эне” фондунун активдүү мүчөсү Кайыргүл Сартбаеванын 75 жылдыгы өттү. Маа­­ракесине Өкмөт жактан эч ким катышкан жок, көңүл бурулбай калды. Кайыргүл Сартбаева академик деген даражага жалаң өз мээнети менен жеткен кыргыздын сыймыктуу кызы. Кубулжуган үндүү опера ырчыбыз дүйнө жүзүнүн 20 мамлекетине барып ырдап, кыргыз элин таа­нытып, Японияда Баттерфляйдын ролун эң мыкты ырдаганы чоң даңаза болгон. Биз “Эне” фондундагылар К.Сартбаеванын мааракеси өз деңгээлинде белгиленбей калганына капа болдук. Мындай эл аралык деңгээлдеги ырчы кыздарыбыз анча деле көп эмес го. Алдыда келаткан аялдардын эл аралык майрамы — 8-март күнү кыргыз элинин белгилүү кыздарынын бири Роза Айтматова 75ке чыгып жатат. Бул киши дагы фонддун уюшулушуна өзүнүн кадыр-баркы, тажрыйбасы менен чоң жардам берди. Эженин 75 жылдык мааракеси кут болсун, жалпы кыргыз кыздарына үлгү боло турган эжедей кыздар көп болсун, ден соолук, ишине ийгилик каалайбыз. Ушунча жашка чыкса да колунан келишинче эл аралык уюмдарда иштеп, андан сырткары биздин фондго жардамын берип, жакшы иштерди алып барып жатат. Көптөгөн китептердин автору. Бириккен улуттар уюмунда аялдардын маселеси боюнча альтернативдүү отчет жасаган адамыбыз.

Ар бир киши кайрымдуулук  жасоосу парз

Кайрымдуулук иш ар бир адамга парз, сообу Кудайдан кайтсын деп, фонддун мүчөлөрү бекер иштеп жатабыз. Адамдын бактысы эмгек, ар ким эмгектенсе, өзүн багат, элге пайдасын тийгизет. Кыргыз элинин улуу инсаны И.Раззаков: “Эне билимдүү болмоюнча, элибиз билимдүү болбойт”,- деп айткан. Биз ушуга умтулушубуз керек.

Бермет МАТКЕРИМОВА, ”Кыргыз Туусу”