2012 жылдын 1 октябрынан баштап 2013 жылдын 1 ноябрына чейин окуучуларга, студенттерге жана баардык каалоочуларга дүйнөлүк Интернет тармагынын туура пайдалануу тууралу ар түрдүү тренингдер өтүлөт.

Долбоордун негизинде Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынын Чүй проспектисинен баштап Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгында жаштар үчүн Wi-Fi Интернет орнотулат. Долбоордун демилгечиси Жылдыз Турсунбекова.

Интернет паркинг “Маалымат мейкиндиги” долбоору Жаштар демилгелерин колдоо фонду (Youth Action Fund) Ачык Коом Фонддорунун «Жаштар Демилгелери» программасы (Нью-Йорк шаары, АКШ) жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар Программасы тарабынан колдоо көргөн.

Долбоордун негизги максаты Бишкек шаарында жашаган студенттер, окуучулар жана жаштар үчүн бүткүл дүйнөлүк маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк түзгөн Интернет байланышын бекер камсыз кылып, жаштарга керектүү маалымат берүүчү акцияларды уюштуруп, Интернет колдонуучулардын санын көбөйтүү болуп эсептелинет. Жаштар паркта эс алуу менен биргеликте, бекер wi-fi кызматынан колдонуп, керектүү маалыматтар менен таанышышат. Долбоор өзгөчө жаштарга окуу жайларды тандоодо, иш издөөдө, интернеттен керектүү маалымат караштырганда пайдалуу болот.

Мындай көрүнүш башкача айтканда паркта бекер wi-fi орнотуу чет өлкөдөгү парктарда көп кездешет. “Биздин өлкөдө интернетке бекер байланышууга мүмкүндүгү бар парк жок болгондуктан, бул долбоор алгачкы практика катары болуп, келечекте Кыргызстанда ар бир шаарларда интернет мейкиндиги кеңейип, региондордо активдүү интернет колдонуучулардын саны көбөйүп, ар бир жаран билим алууда же жеке ишине пайдалуу маалыматтан артта калбай, коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошот деген үмүттөмүн,-“ дейт долбоордун автору, Жылдыз Турсунбекова.

Жаштар демилгелерин колдоо фонддун (Youth Action Fund) максаты — өздөрүнүн тең-туштарына таасирин тийгизе ала турган жана аларды үгүттөй ала турган жаштарга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, бул жаштардын өлкөнү өнүктүрүү иш-чараларына катышууларына жардам берүү.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:

Жылдыз Турсунбекова, долбоордун жетекчиси.  E-mail: tursunbekovaj@gmail.com уюлдук тел: (+996-553) 77-76-32

Эльвира Калмурзаева, Жаштар Демилгелерин колдоо фондунун ассистенти, “Сорос- Кыргызстан” Фондунун Жаштар программасы. Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 55 А  Тел: (+996-312) 66-34-75 (кошумча 133), E-mail: elvirakalmurzaeva@gmail.com