Техникалык жардамды тапшыруу 2013-жылдын 06-сентябрында «Арачылардын элдештирүүчү тармагы» КФ (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар) офисинде өттү.

Сынакта жеңишке ээ болгон эң мыкты мультимедиялык жети долбоор (тизмесин тиркемеден кара) кайтарымсыз негизде 13 ноутбук жана нетбук, компьютер, 3 диктофон, 5 видеокамера жана фотоаппараттарды, смартфондорду, офистик копировалдык техниканы, 3G-модемдерди, ошондой эле кошумча аксессуарлар менен алмаштыруучу тетиктерди алышты.

Мындан тышкары жеңүүчүлөргө Интернетке, веб-иштелмелерге сарпталчу каражат жана «СуЛей-Инфо» (Исфана, Баткен облусу), «Шахтер жолу» (Сүлүктү ш.) жана «Аймак» (Жалал-Абад шаары) гезиттеринин редакцияларында консультация өткөрүп, алардын он-лайн продуктун жолго койгон техникалык адистин кызмат акысы да төлөнүп берилет.

Алты ай аралыгында «Арачылардын элдештирүүчү тармагы» КФ жеңүүчүлөргө этабы менен программалык камсыздоо жана флэш-карта түрүндө кошумча техникалык жардам берип турат.

Жергиликтүү редакцияларды колдоо жана алардын мультимедиялык контентке өтүүсүнө өбөлгөлөө — 2013-жылы июль айында өткөн «Медиа-инновациялар лагери» долбоорунун негизги этаптарынын бири.

Анда жергиликтүү ЖМКнын 19 журналисти мультимедиялык мозаика түзүүнүн, фотонун, видеонун жана инфографиканын, мультимедиялык сценарийди жайгаштыруунун, жөнөкөй сайттарды иштеп чыгуунун, Интернете контентти илгерилетүүнүн, медиа-менеджменттин техникасынын, полиэтникалык аудитория үчүн обьективдүү макалаларды жазуунун  заманбап методдору боюнча интенсивдүү сабактар өткөрүлгөн.

Долбоор “Социалдык медиаторлор тармагы” Коомдук фонду  тарабынан уюшулуп,  Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШнын Демократияны илгерилетүү Улуттук институтунун  (NED) «ЖМКны колдоо» программасын финансылоо алкагында ишке ашырылууда.

 

Долбоор жөнүндө:

 

“Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фондунун Тынчтыкты  орнотуу жана медиа-технологиялар  мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) 2010-жылдын июнунда, жаңжалдан кийинки мезгилде жергиликтүү журналисттик коомдоштукту окутуу жана анын дараметин түзүү үчүн  түзүлгөн.

Мектептеги кесипкөй эксперттер жана тренерлердин командасы жергиликтүү репортерлорду стереотиптеринен жана клишелеринен арылуу, душмандын образын жеңүү, түркүн этностордун ортосундагы ачык диалогду түзүү, медиа  аркылуу коомду талаш-тартыштардан кийин мамилесин кайра

калыбына келтирүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү  боюнча билим берүүнү ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Медиа-мониторингдин аналитикалык Тобу ЖМКдагы контенттин душмандашуу тили жана конфликтогендик стереотиптери боюнча изилдөө менен алпурушууда.

 

 

Камилла Асыранкулова

«Медиа-инновациялар лагери» долбоорунун координатору

720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас пр., 101/1

Тел: +996 312 694015, 694016, моб: +996 778 692 893

Email: peacemakingschool@gmail.com

Сайтка шилтеме: www.ca-mediators.net