Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында айыл жаштарын активдүү жашоого үндөгөн семинар болуп өттү. Бул иш-чаранын идеясынын автору Нарын Мамлекеттик Университетинин студенткасы  Адыл кызы Мырзагүл.

 

Мырзагүлдүн  «Айылым ааламга умтулат» долбоорунун идеясы жаштарга арналган чакан-грант  (Youth Action Fund) сынагында утушка ээ болгон. Долбоор  Ачык Коом Фонддорунун «Жаштар Демилгелер» (Нью-Йорк ш, АКШ) программасы жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасы тарабынан каржыланды.

Мырзагүл бул долбоорду  айыл жаштарын активдүү жашоого үндөө, айылды өнүктүрүүдө жаштарын ролун жогорулатуу, ишмердүүлүк тууралуу маалымат берүү, жумушсуздуктун санын төмөндөтүү максатын көздөгөн, жана максатына жете алды.  Айыл жергесинде шаар жергесине караганда жашоо шарты төмөн, ошол себептен айыл жергесин өнүктүрүү зарыл. Ал эми айылдын өнүгүүсү анын жаштарынын колунда. Өз айылынын өнүгүшүнө салым кошуу ар бир айыл жашынын милдети деп эсептейт.

Жогоруда айтылган максатты көздөө менен айыл жаштарынын арасында семинар, дебат  болуп өттү, бул ишке 80ден ашык адам активдүү катышты, жергиликтүү эл арасында буклеттер таратылып, айылды жашылдандыруу иштери жүрдү, айыл жаштарынан турган жаштар клубу түзүлдү.

Семинар социолог, психолог, эконмисттер тарабынан  болуп өттү. Бул семинар адамдын өз жашоо денгели үчүн жоопкерчилиги, адамдын сапаттары, билим тажрыйбасы, айылды өнүктүрүүнүн негиздери, ишмердүүлүктүн тармактары тууралуу болду. Өткөрүлгөн семинардын жыйынтыгы катары «Мен айылымдын келечегин кандай көрөм» жана «Мен айылымдын өнүгүүсүнө кандай пайда алып келем» деген темаларда дебаттар уюштурулду. Жергиликтүү калк арасында «Айылымдын келечеги» деген багытта буклет таратылып, айыл жаштары шаардык жана райондук ишмерлер менен жолугуша алышты. Айылды жашылдандыруу максатында бак-дарак тигилди.

“Бул долбоорду ишке ашыруунун негизинде айыл жаштары көптөгөн маалымат алып, активдүү жашоого үндөлүштү, алар эми  айылды өнүктүрүүдө чоң салымдарын кошо алышат”,- деп ишенет Мырзагүл.

Семинар, дебат, жолугушуулар 8 күнгө созулду, долбоор бүткөн соң деле клуб иш алып бара берет.

Жаштар Демилгелерин Колдо Фонддун максаты  — ачык коомдун идеалдарын жайылтууда өздөрүнүн курдаштарын мобилизациялоо жана таасир көрсөтө алуучу жаштардын топторун табуу, аларга түрткү берүү жана жардам көрсөтүү.

 

Толук маалымат алуу үчүн – долбоордун жетекчиси Мырзагүл Адыл кызына байлашышсаңыздар болот-0707 04 99 38 Е-Mail Adylkizymyrzagul@rambler.ru

 

Эльвира Калмурзаева, YAF программасынын ассистенти, «Сорос – Кыргызстан» Фонду Жаштар программасы,  Бишкек ш., Логвиненко к.  55 А  Тел: (+996-312) 66-34-75 (ички.133)

Email: elvirakalmurzaeva@gmail.com