DSC_0174DSC_0175DSC_01652014-жылдын 5-
чи апрелинен 12-чи апрелге чейин Нарын шаарынын мектеп-интернатында айыл жергесинен келген жаштар  үчүн  жазгы эмгек лагери уюштурулуп жатат. Долбоордун идеясы  Нарын шаарынын жаш активистине Орозобек кызы Жылдызга таандык.

Бул долбоордун алкагында айыл жергесинен келген жаш улан-кыздар мектеп интернатында оңдоо жумуштары менен биргеликте жаштардын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин, социалдык долбоорлорду кантип жазып өзүнүн коомчулугуна салым кошууну үйрөнүшөт.

Жазгы лагердин идеясы «Ачык Коом» Фонддорунун Жаштар Демилгелерин Колдоо Фонду (YAF) тарабынан, «Сорос – Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасы аркылуу каржыланган.

Жаштар Демилгелерин Колдоо Фондунун максаты – ачык коомдун иделдарын жайылтууда өздөрүнүн курдаштарын мобилизациялоо жана таасир көрсөтө алуучу жаштардын топторун табуу, аларга түрткүү берүү жана жардам көрсөтүү.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыз болот:

Орозобек кызы Жылдыз — долбоордун жетекчиси, E-mail: rabbıt-018@rambler.ru по моб: +(996) 0702 387562

Эльвира Калмурзаева – YAF программасынын ассистенти, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасы, Логвиненко коч. 55 А, Бишкек ш, Тел. +(996-312) 66 34 75 (ички номер 133) E-mail: elvirakalmurzaeva@gmail.com