Чоң-Алай районунда  «Сорос Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатууда жергиликтүү коомдордун демилгелерин колдоо» долбоорун “Марендан”  коомдук фонду ишке ашырууда.

Долбоордун узактыгы 2014-жылдын июль айынан 2015-жылдын январына чейин болмок.

Аталган долбоордун алкагында 2014-жылдын август айында райондун 18 айылында “Жергиликтүү ресурстарды мобилдештирүү” темасында тренинг өткөрүлдү. Тренингке ар бир айылдан 25тен жаран катышуусу пландаштырылган.

Тренингтин программасында жергиликтүү ресурстардын анализи, муниципалдык менчикти башкаруу, жерлерди башкаруу, жергиликтүү жаратылыш ресурстарын башкаруу, муниципалдык-жеке менчик кызматташуу, муниципалитеттер аралык кызматташуу, ресурстарды башкаруунун финансылык аспектери, жайыттарды башкаруунун негиздери, жергиликтүү бюджеттин өнүгүү стратегиясын турмушка ашыруудагы ролу, ресурстарды мобилдештирүүнүн өзгөчөлүгү темалары кеңири камтылган.

Тренингтин жүрүшүндө аталган темалар катышуучулардын кызуу талкуусу менен коштолду жана жарандык коом  үчүн эң керектүү темалар экени дагы бир ирет жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан далилденди.

Активдүү катышуучуларды атап өтсөк: Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылынын жашоочусу Жаркынов Зикирали, Кара-Тейит айылынын жашоочусу Калыкова Сайкал, Жекенди айылынан Ажибекова,Чулук айылынан Жаркынбаев Сулайман, Шибэ айылынан Гапаров Мурат, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Кулчу айылынан Баймаматов Кожомберди, Жарбашы айылынан Шакиров Рыскул, Жаштилек айылынан Газыбеков Турсунали, Чак айылынан Токтобаев Аят, Дароот-Коргон айылынан Алиев Кадырдин, Кызыл-Эшме айылынан Таштанбеков Абдималик, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ачык-Суу айылынан Салибаева Шарапат,Кабык айылынан Гапар уулу А,Жайылма айылынан Өмүрбек уулу Орозали, Кашка-Суу айылынан Мелис, Кара-Кабак айылынан Тешебаева Гүлшан.

 Тренингтин катышуучусу  Алиев Кадырдин: «Мен кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен арендага жер алуу учун 2 жылдан бери мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып алалбай жүрдүм эле. Көрсө ал жерлер айыл өкмөтүнүн башкаруусунда болот турбайбы. Бул тренингтин мага пайдасы, демек мен арендага жер алуу үчүн кимге кайрылууну толук билип алдым (айыл өкмөтүнүн жер адисине)».

Өмүрбек уулу Орозали: «Жайытка акча төлөөдө акынын өлчөмү кантип аныкталарын, шарттуу мал башы кандай коэффициенттер менен эсептелерин жана жайыт комитетинин ыйгарым укуктарын билип алганым жакшы болду».

Жаркынбаев Сулайман: «Пайдалуу казындыларды же жалпы эле жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы жергиликтүү бюджетке түшүүчү Роялти салыгы тууралуу жана пайдалуу казындыларды иштетүүдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары  тууралуу  маалыматтар өтө пайдалуу болду».

Тренингтин катышуучуларынын 80-90%ы жогорудагыдай өз ойлорун  айтышып, тренингтин уюштуруучуларына жана колдоочуларына өз раазычылыктарын билдиришти.

Катышуучулардын айтуусунда, мүмкүнчүлүк болсо ушундай окуу семинарлар жер-жерлерде карапайым калк арасында көбүрөөк өтүлсө жана «Жайыттарды пайдалануунун негиздери» темасын жайыт комитеттери менен биргеликте жайлоолордогу  жайыт пайдалануучуларга  өтсө, жакшы маалымат таркамак жана жайыт төлөмдөрүн убагында төлөөгө жакшы шарт түзүлмөк.

Кийинки кадамда райондун денгээлинде райондогу баардык өкүлдөрдүн катышуусу менен конференция өткөрүлүп, конференцияда айтылган сын сунушутар менен жыйынтыкталмакчы.

«Чоң-Алай жаңырыгы» газетасынын  редактору Патидин Ноомаев

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

OLYMPUS DIGITAL CAMERAOLYMPUS DIGITAL CAMERAOLYMPUS DIGITAL CAMERAOLYMPUS DIGITAL CAMERAOLYMPUS DIGITAL CAMERAOLYMPUS DIGITAL CAMERA