Фонд жөнүндө

«Сорос-Кыргызстан» Фонду (ФСК) – эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд –  25-жыл бою коомдук институттарды жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү жарандык демилгелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылып келет. Ошону менен бирге ачык коом төмөнкүлөрдү билдирет: тиричилик аракетинин бардык чөйрөлөрүндө пикирлердин ар түрдүүлүгү жана эркиндиги; өнүккөн укуктук мамлекети; социумдун бардык мүчөлөрү үчүн өнүгүүгө бирдей катышуу мүмкүндүгү.

Фонддун уюштуруучусу болуп, дүйнөлүк масштабдагы финансист жана бүткүл дүйнөгө белгилүү филантроп Джордж Сорос жетектеген “Ачык коом” Институту (OpenSocietyInstitute) саналат. Фонд Ачык коом Фонддорунун эл аралык тармагынын бөлүгү болуп эсептелет, ал жакка дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн Соростун улуттук фонддору жана өзүнүн ишмердүүлүгү менен дагы 27 өлкөнү кучагына алган эки регионалдык фонд кирет.

Фонд биздин өлкөдө өзүнүн ишин 1993-жылы баштаган жана 1995-жылдын аягында КР Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Ошол учурдан баштап “Сорос-Кыргызстан” Фонду укук, билим берүү жана экономикалык реформалар, ЖМКларды, БӨУларды жана академиялык чөйрөлөрдү колдоо, жалпы элдик жааттагы демилгелерге көмөк көрсөтүү, саламаттык сактоо, маданият сыяктуу абдан ар түрдүү багыттарда жарандык демилгелерге колдоо көрсөтүүнү ырааттуу түрдө улантып келе жатат. СКФ тараптан бул демилгелерди каржылоо үчүн өлкөбүзгө кайтарымсыз 79 миллион доллар келип түштү.

Фонддун иши СКФнын Байкоо кеңешинин жана Ачык коом институттарынынстратегиялык чечимдери жана сунуштоолору менен жөнгө салынып турат жана мамлекеттик институттарды, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдарды көрсөткөн өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

СКФнын МИССИЯСЫ

Биз Кыргызстанда акыйкаттык принциптерине, ар кимдин тең укуктуулугуна, активдүү жарандык катышууга жана мамлекеттин коомдун алдында отчеттуулугуна негизденген коомду курууга көмөктөшөбүз.

СКФнынБААЛУУЛУГУ

Тең укуктуулук жана мүмкүнчүлүк

— Биз укуктун үстөмдүгүн алга жылдырууга, адам укуктарын жана эркиндиктерин алга жылдырууга жана коргоого көмөктөшөбүз.
— Биз маалыматка, билимге, медицинага, сот адилеттигине жана чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусуна бирдей жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга көмөктөшөбүз.
— Биз мамлекеттин коом алдында ачыктыгына жана отчеттуулугуна жардамдашабыз.

Өнүгүү жана натыйжалуулук

— Бир проактивдүүбүз жана чакырыктарга ыкчам реакция жасайбыз.
— Биз максималдуу натыйжалуулук менен натыйжага жетүүгө көмөктөшөбүз.
— Биз дайыма өнүгүп турабыз жана башкалардын өнүгүүсү үчүн шарт түзөбүз.
— Биз инновацияга ачыкпыз.

Ишеним жана урмат көрсөтүү
— Биз инсанга жана башкалардын пикирине ишеним жана урмат көрсөтүү аркылуу өз ара иштешебиз.

Бүгүнкү күндө Фонд7 тематикалык тармакты аныктады, анын алкагында программалар өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн агла жылдырууда.

  • “Коомдук саламаттык сактоо” программасы коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын аялуу маргинал топторунун бирдей укуктарын камсыз кылууга багытталган идеяларды колдоого багыт алган.
  • Билим берүү программасы социалдык аялуу топтордун атайын билим берүүгө муктаж балдары үчүн билим берүүгө жетүү мүмкүндүгүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүнөн иштейт. Программа коомду бириктирүү борбору катары мектептин ролун күчөтүү максатында көп маданияттуу жана көп этикалуу билим берүү чөйрөсүн башкаруунун куралдарын жана ченемдерин алга жылдырууга дагы көмөктөшөт.
  • Укуктук программа адам укуктары жаатында эл аралык стандарттарга жооп берүүчү сот кылмыш-жаза өндүрүшүнүнүн системасын реформалоо, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү системасын жакшыртуу жана натыйжалуу документтештирүү, кыйноону жана ырайымсыз мамилени колдонуу фактыларын изилдөө максатын коет.
  • “Жарандык катышуу” программасы шаардын туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык катышууну күчөтүүнүн жана бийлик менен коомдун үзүрлүү диалогун курууга жарандарды тартуунун үстүнөн иштейт.
  • “ЖМКларды өнүктүрүү” программасы маалымат журналистикасын өнүктүрүүнүн – мыйзамдарды жакшыртуунун, маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн мыктылоонун, маалыматтарды талдоонун куралдарын иштеп чыгуунун ж.б. үстүнөн иштейт. Журналистиканын жаңы форматтарын кеңейтүү жолу менен көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин коргоону жана сапаттуу маалыматка жетүү мүмкүндүгүн берүүнү дагы колдойт. Бул багыттын максаты болуп, сөз эркиндигин коргоо максатында өнөктөштөр менен мистемалуу иштешүү жана журналисттер үчүн талаш-тартыштарды соттсу чечүү, соттордо ЖМКлардын кызыкчылыктарын коргоо, ЖМК жаатында мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү, медиа мыйзамдарын реформалоо боюнча демилгелер боюнча юридикалык консультацияларды берүү аркылуу Кыргызстанда эркин маалыматтык мейкиндикти түзүү жана колдоо саналат.
  • Маалыматтык программа эки багыт боюнча долбоорлорду колдойт:

Маалыматка, билимге жана мамлекеттик билдирмелерге ачык кирүү мүмкүндүгү

Балдар жана жаштар арасында информатиканы жана программалоону жайылтуу.

  • Изилдөө гранттарынын программасы изилдөөчүлөрдү колдоого жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, Кыргызстанда коомдук саясатты иштеп чыгуу процессине мүмкүндүк түзгөн аналитикалык борборлорду тартуу жана ошону менен бирге алар менен, жарандык коомдук уюмдар жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн чечим кабыл алуучу жактар менен проактивдүү кызматташууну жана изилдөөнүн жыйынтыктарын практикалык пайдалануу жана талкуулоо боюнча диалогду колдоо.

Каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо

«Сорос-Кыргызстан» Фонду төмөнкү критерийлерге ылайык келген долбоорлорду колдойт:

  • долбоордо убакыттын көзгө көрүнгөн мезгилинин аралыгында олуттуу натыйжаларга жетишкен келечек болсо;
  • долбоор башка уюмдардын ишмердүүлүгүнөн аны айырмалаган принципиалдуу жаңылыкка ээ болсо;
  • долбоорду ишке ашыруу каржылоо токтогондон кийин дагы ишмердүүлүктү улантууга жөндөмдүү жергиликтүү уюмдардын жана топтордун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзсө;
  • долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган натыйжалар өлкөнүн башка аймактарында пайдаланыла алса;
  • долбоор болжолдонгон натыйжаларды баалоону жана жайылтууну караштырса;
  • долбоордун өнөктөштөрү тарабынан (өкмөт, БӨУ тарабынан) долбоорду үзгүлтүксүз ишке ашыруусу жана ийгиликтерди камсыз кылуусу үчүн жеткиликтүү кепилдик берсе;
  • долбоор башка окшош долбоорлорго салыштырмалуу артыкчылыктуу болуп саналса;
  • долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу үчүн бир кыйла ылайыктуу жер тандалса;
  • белгиленген стратегия кааланган натыйжаларга жетишүү үчүн абдан натыйжалуу каражат болуп саналса;
  • долбоорду ишке ашыруу процессин башкаруу системасы сапаттуу жана рационалдуу болуп саналса.