«Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотибин колдонуу

СКФ логотибин колдонуу

Милдеттүү түрдө:

Долбоорлор боюнча басылмалар (отчеттор, китептер, брошюралар, баракчалар, флаерлер)

  • Мукабаны толук камтыганда мукабанын жогору же төмөн бөлүгүнө долбоорду ишке ашырып жаткан уюмдун логотибин «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотибинен солдон оң жакты көздөй жайгаштыруу.
  • Дизайнга жараша, эгерде толук түстүү басылма болсо, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотиби ак фондо жайгаштырылышы керек, эки түстүү болсо – «Сорос-Кыргызстан» Фондунун монохромдук варианттагы логотиби колдонулат. Толук түстүү басылмада басылманын дизайнын түзүү учурунда анын жогорку же төмөнкү бөлүгүнө долбоордун бардык логотиптери үчүн атайын ак фонду калтырып коюуга болот.
  • Чыгарылыштын ичине «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоо көрсөткөндүгү тууралуу тексттик формада сөзсүз түрдө белгилеп жазуу керек. Мисалы:

1    «Бул отчет уюмдун аталышы тарабынан «долбоордун аталышы» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен басылып чыкты. Басылмада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

2   «долбоордун аталышы» долбоору уюмдун аталышы тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

3    Брошюраны «долбоордун аталышы» долбоорунун алкагында уюмдун аталышы уюму «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен басмадан чыгарды.

Сайттар үчүн

  • Эгерде Фонд сайтка толук каржылык колдоо көрсөтсө, анда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун сайтынын баннерин долбоордун сайтына жайгаштырып, сайттын төмөн жагына логотипти жана бул жазууну жайгаштыруу керек: «Сайт «долбоордун аталышы» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен түзүлдү».
  • Эгерде Фонд сайтка долбоордун жүрүшүндө гана колдоо көрсөтсө, анда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун сайтынын баннерин долбоордун сайтына жайгаштырып, долбоорду ишке ашыруу жөнүндө маалымат киргизүү керек.
  • Сайттар үчүн дисклеймер 
•Жарым-жартылай колдоо көрсөтүлсө, баннердик шилтеме аркылуу долбоордун өнөктөштөрү катары көрсөтүү керек. 
•Сайт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун_________программасынын каржылык жардамы менен түзүлгөн.
•Сайттагы жарыяланган ойлор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
  • Логотипти дагы жайгаштыруу керек. Бул жазууну сайттын эӊ ылдый жагына коюу керек.

Пресс-релиздер үчүн

  • Толук колдоо көрсөтүлсө – сол бурчтун жогорку бөлүгүнө.
  • Жарым-жартылай жардам берилсе – киргизилген салымдын өлчөмүнө жараша (мисалы, долбоорду Х ишке ашырса, каржылык колдоону F (70%) жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду (30%) көрсөтсө, анда логотиптердин ирээти солдон оӊду көздөй жайгаштырылат –   F, Х, «Сорос-Кыргызстан» Фонду).
  • Пресс-релиздин текстинде «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоо көрсөткөндүгү тууралуу тексттик формада сөзсүз түрдө белгилеп жазуу керек. Мисалы:

◦ Аягында жазуу варианты — «долбоордун аталышы» долбоору уюмдун аталышы тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды

◦ Башында жазуу варианты – Эртеӊ Бишкекте «___» темасында уюмдун аталышы тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен уюштурулган  тегерек стол өткөрүлөт.

◦Ортосунда жазуу варианты – Иш-чара «долбоордун аталышы» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаралардын программалары үчүн

  • Толук колдоо көрсөтүлсө – сол бурчтун жогорку бөлүгүнө.
  • Жарым-жартылай жардам берилсе – киргизилген салымдын өлчөмүнө жараша (мисалы, долбоорду Х ишке ашырса, каржылык колдоону F (70%) жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду (30%) көрсөтсө, анда логотиптердин ирээти солдон оӊду көздөй жайгаштырылат –   F, Х, «Сорос-Кыргызстан» Фонду).

Сырткы жарнамалар (баннерлер, керме жарнамалар, долбоор боюнча көрнөк-жарнактар)

  • Дизайнга жараша жайгаштыруу тартиби — биринчи «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотиби, андан кийин долбоорду ишке ашырган уюмдун логотиби.
  • Жарым-жартылай жардам берилсе – киргизилген салымдын өлчөмүнө жараша (мисалы, долбоорду Х ишке ашырса, каржылык колдоону F (70%) жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду (30%) көрсөтсө, анда логотиптердин ирээти солдон оӊду көздөй жайгаштырылат –   F, Х, «Сорос-Кыргызстан» Фонду).
    • Логотиптер ак фондо коюлуп, фотосүрөттөрдөн жана башка графикалык сүрөттөрдөн өзүнчө бөлүнүп турушу керек.

Фильмдер, роликтер, ТВ-программалар

  • Эгерде фильмге толук же жарым-жартылай каржылык колдоо көрсөтүлсө, анда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотиби видеонун башында же аягында бул жазуу менен чогуу киргизилиши керек: «Фильм «долбоордун аталышы» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «программанын аталышы» программасынын каржылык колдоосу менен тартылды».

Чаптамалар – ар нерселердин үстүӊкү беттери  үчүн

  • Дизайнга жараша жайгаштыруу тартиби — биринчи «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотиби, андан кийин долбоорду ишке ашырган уюмдун логотиби.
  • Эгерде долбоордун маалыматтык кампаниясында атайын өзүнчө логотип болсо, анда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун логотиби колдонулбайт.

Төмөндөгүлөр милдеттүү эмес, бирок болсо жакшы:

  • Долбоор боюнча жыйынтыктоочу иш-чараларга чакыруулар.
  • Сумкалар, долбоор боюнча портфелдер.

Милдеттүү эмес:

  • Долбоор боюнча презентациялык продукция – шарфтар, шарлар, калем саптар.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду ири коомдук иш-чараларды өткөрүүдө «Сорос-Кыргызстан» Фондунун баннерин долбоорго катышкандыгын белгилөө үчүн колдонууну сунуштайт. Логотиптин вертикалдык версиясын колдонууга мүмкүн болбой турган учурда, анын горизонталдык версиясын колдонуу сунушталат. «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Soros Graphic Standard Manual брендбугун жана логотиптерди колдонуу эрежелерин караӊыздар.