БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

2017-2020-жж. Билим берүү программасы атайын билим алууга болгон муктаждыктары бар жана социалдык жактан аялуу катмарлардагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында шарттарды түзүүгө багытталган демилгелерге колдоо көрсөтүүнү улантат. Программа, ошондой эле, коомду консолидациялоо борбору катары мектептин ролун чыӊдоо максатында поликультуралык жана полиэтикалык билим берүү чөйрөсүн башкаруу ченемдерин жана каражаттарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт.

2017-2020-жж. карата ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим берүүнү өнүктүрүүгө, алар үчүн жасалган кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүү;

Программанын иши бул багыттын алкагында Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнүн бирдиктүү моделин иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана билим берүү уюмдарынын ресурстарын бириктирүүгө багытталган.

Мындан сырткары, программанын ишмердүүлүгү билим алууда атайын муктаждыктарга ээ балдар үчүн билимдин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун үстүндө иштеген жана балдарга, алардын ата-энелерине төмөндөгү багыттар боюнча түз даректүү жардам көрсөткөн жарандык сектор уюмдарынын жана билим берүү уюмдарынын демилгелерин колдоо боюнча жыл сайын сынак өткөрүүнү камтыйт.

  • Тобокел топторундагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Көп улуттуу жана көп тилдүү шарттарда инклюзивдик окутуу чөйрөсүн түзүү маселелерин чечүү боюнча мектептердин жана жергиликтүү коомчулуктун аракеттерин колдоого алуу;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жалпы билим берүү мектептеринде интеграциялоону колдоого алуу;
  • Инклюзивдик ыкманын принциптерин билим берүү саясатынын жана тажрыйбасынын деӊгээлинде бекемдөө;
  • Коомдун инклюзия маселелери боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, өзгөчө, бул категориядагы балдарга өз маалында жана квалификациялуу колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ата-энелердин маалымдуулугун көтөрүү.

Иштелип чыккан жаңы муундагы билим берүүнүн стандарттарынын алкагында окуу программаларды жана материалдарды иштеп чыгуу жана пилоттоштуруу жаатында КР Билим берүү жана илим министрлигине көмөк көрсөтүү. Бул багыттын алкагында билим берүү программасы жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү системасынын коомду интеграциялоо жана бириктирүү жана республиканын билим берүү системасында тилдик көп түрдүүлүктү колдоо каражаты катары калыптанышына көмөктөшүүгө багытталган демилгелерин колдоого алды. Бул колдоонун негизги максаты Кыргыз Республикасында көп тилдүү (билингвалык) билим берүү системасынын калыптанышынын алкагында окутуучулук көрсөтмө материалдарды иштеп чыгууга, апробациялоого жана ишке киргизүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Байланышуу:

Валентин Дейчман
Билим берүү программасынын директору
E-mail: valya@soros.kg

Миргуль Иминова
Билим берүү программасынын координатору
E-mail: miminova@soros.kg