Программа: Билим берүү программасы

Конкурстун аталышы: Атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоо.

Бул конкурс жарыяланган долбоор: Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо.

1.   Конкурстун негиздемеси

«Сорос-Кыргызстан» фондунун билим берүү программасы «Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо» долбоорунун алкагында ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана калктын социалдык жактан аяр топторунун билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча долбоордук билдирмелерге конкурс жарыялайт. Каржылоонун алкагында калктын аяр топторунун балдарынын жана атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган долбоорлор колдоого алынат.

2.   Конкурстун максаты

Төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу балдардын укуктарын коргоо жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө иштеген уюмдардын ишмердигин кеңейтүү жана алар менен өнөктөштүк мамилени өркүндөтүү:

3.   Конкурстун милдеттери

  • мектепке барбаган балдарды билим берүү системасына кайтаруу;
  • көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жана башкаруу көйгөйлөрүн чечүү боюнча мектептин, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун аракетин колдоо;
  • мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын жалпы билим берүүчү мектептерге жуурулушуусун (интеграция болуусун) колдоо;
  • билим берүү саясатынын жана практикасынын деңгээлинде инклюзивдик мамиленин принциптерин бекемдөө;
  • коомчулуктун инклюзиянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуусун, айрыкча ата-энелердин өз учурунда жана квалификациялуу бул категориядагы балдарды колдоо тууралуу маалымат алуусун жогорулатуу;
  • ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдардын жана өспүрүмдөрдүн кесипкөйлүк көндүмдөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана кийин аларды жумушка орноштуруу. 

Колдонушу мүмкүн болгон демилгелердин мисалдары

  • тобокелчилик тобундагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн (ДМЧ адамдардын, көчөдөгү балдардын, тилдик жана этникалык азчылыктардын) көйгөй маселелерин чечүү боюнча мектептердин жана жергиликтүү коомчулуктун аракеттерин колдогон жана кийин кесипкөйлүк жардам берген долбоорлор;
  • жалпы билим берүүчү мектептердеги атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын жуурулушуусун колдогон долбоорлор;
  • эрте жаштан кийлигишүү жана өнүктүрүү, аларды практикада жайылтуу методикаларын жана куралдарын илгерилетүү боюнча долбоорлор;
  • инклюзиянын көйгөй маселелери тууралуу коомчулуктун маалымат алуусун, өзгөчө бул категориядагы балдардын ата-энелерининин өз учурунда жана квалификациялуу колдоо алуусу боюнча маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорлор;
  • атайын билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген мугалимдерди даярдоо жана алардын билимин өркүндөтүү.

4.   Конкурстун шарттары 

Конкурстун катышуучулары:

Конкурска өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардан (коомдук бирикме, коомдук фонд, коомдук юридикалык уюмдар, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору) долбоордук сунуштар кабыл алынат. 

Катышууга карата чектөөлөр:

  • Мамлекеттик органдар сунушталган билим берүү долбоорунун алкагында дараметтүү грант алуучуларга өнөктөш боло алышат, бирок грант алалышпайт;
  • Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстанда жайгашкан жана катталган филиалынын атынан гана билдирме бере алышат;
  • Конкурска жеке адамдар катыша алышпайт. 

5.   Конкурстук долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү: Долбоорду ишке ашыруунун эң узак мөөнөтү – каржылоо бөлүнгөндөн баштап 12 айга чейин. 

Бир долбоордун бюджетинин эң чоң суммасы: 20 000 АКШ долларынан ашпаган долбоорлорго артыкчылык берилет. Билдирме берүүчү уюм же үчүнчү жак чогуу каржылаган долбоордук билдирмелерге да артыкчылык берилет. Административдик чыгымдар суралган бюджеттин 15%ынан ашпашы керек.

6.   Билдирмелерди тандап алуунун критерийлери:

Билдирмелер:

  • инклюзивдик билим берүүнү жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды социалдаштыруу практикасын илгерилетүүгө жана жайылтууга олуттуу таасир эте ала турган ийгиликтүү тажрыйбаны чагылдырышы зарыл;
  • билдирме берүүчүдө тандалган чөйрөдө тажрыйба бар экендигин көрсөтүү кажет;
  • тандалган чөйрөдөгү кырдаалды сапаттуу баалоого жана муктаждыктарды баалоого таянуу менен жазылышы керек;
  • өнөктөштүк долбоору берилип жаткан учурда, долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан бардык өнөктөштөрдүн жогорку кызыгуусун көрсөтүү зарыл (бул маалымат өнөктөштөр ортосунда түзүлгөн макулдашууда көрсөтүлүшү кажет; өнөктөштөрдүн биргелешкен жоопкерчилигин тастыктаган кат билдирмеге тиркелиши шарт);
  • билдирме берүүчүнүн долбоорду башкаруу жаатындагы (долбоордук тарых) тажрыйбасын чагылдырышы керек;
  • реалдуу жана майда-баратына чейин жазылган бюджеттин болушу абзел;
  • тиешелүү мониторинг жана баалоо системасын камтышы керек;
  • тармактык (профилдик) мамлекеттик органдар жана инклюзивдик билим берүү жаатында иштеген башка уюмдар менен өнөктөштүк байланыштын бар экендигин чагылдырган долбоордук билдирмелерге артыкчылык берилет;
  • атайын муктаждыктары бар балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүүнү, аларды ишке ашыруу сапатын арттырууну натыйжа катары көрсөткөн, бул категориядагы балдарды тартууну көбөйткөн жана долбоордун ишинин, азыктарынын омоктуулугун камсыз кылган долбоорлорго артыкчылык берилет.

7.    Долбоордук билдирмелерди кабыл алуу жана тандап алуу жол-жоболору:

  • Долбоордук билдирмелер СКФнын гранттык билдирмелеринин формасына ылайык түзүлүшү, кагазга басып чыгарылган жана электрондук түрдө берилиши керек;
  • Конкурска катышуу үчүн билдирме берүүчүлөр чапталган конвертке «Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоо» деп жазып, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а дареги боюнча «Сорос-Кыргызстан» фондуна, ошондой эле билдирменин толтурулган электрондук версиясын applications@soros.kg электрондук дарегине, көчүрмөсүн miminova@soros.kg жана valya@soros.kg даректерине жөнөтүү зарыл;
  • Билдирмелер кыргыз жана орус тилдеринде дем алыш жана майрамдардан башка күндөрү 2017-жылдын 15-мартына чейин (бул күн да кошулат) күн сайын 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Билдирмелерди кабыл ала турган акыркы күнү (15-мартта) билдирмелер 15:00гө чейин кабыл алынат;
  • Аймактардан долбоорлук сунуштарды жазуу түрүндө курьер менен же почто аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөттө СКФга келип калгыдай кылып алдын ала жөнөтүү зарыл;
  • Билдирме берүү учурунда билдирме берүүчүнүн салыктарды төлөө боюнча мамлекеттик бюджетке карызы болбошу керек.

Документтердин толук эмес пакети, СКФнын форматына ылайык эмес берилген билдирмелер, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген билдирмелер катталбайт жана каралбайт.

 Алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

 Гранттык билдирменин формасын жана билдирмелерди жазууга карата сунуштарды www.soros.kg сайтынын «Гранттар» бөлүмүнөн чыгарып алууга болот.

Байланышуучу адам: Валентин Дейчман, тел.: (0312) 66 34 75 (кош. 137)