Нью-Йорк ш. – Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, анда чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө чаржайыт жана так аныкталбаган чектөөлөр киргизилип жатканына байланыштуу “Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүугүн токтотот.

“Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондун 1993-жылы, кыргыз өлкөсү оор социалдык-экономикалык кризис абалында Советтер Союзунан эгемендүүлүгүн жаңы алган кезде негиздеген.

Андан аркы отуз жыл ичинде фонд өкмөт жана жарандык коом менен иштешип, өлкө боюнча ар кандай долбоорлорду колдоо үчүн 115 миллион доллардан ашык каражат тартты. Бул долбоорлор билим берүү жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерди колдоо, жаңы санариптик технологиялардын элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, өлкөнүн жазык сот адилеттигин жана юридикалык жардам системасын реформалоо сыяктуу иштерди камтыйт. Эми өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн мындай ак-ниет аракеттер “чет элдик өкүлдөр” деген адилетсиз мөөр менен белгиленмекчи.

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандын жарандары башкарган жергиликтүү коммерциялык эмес уюм, бирок ал чет өлкөдөн каржылангандыктан, жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот. Мындан тышкары, “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнүн ашкере чаржайыт аныктамасы фонд үчүн да, анын өнөктөштөрү үчүн да терс кесепеттерге же күтүлбөгөн тобокелдиктерге алып келмекчи.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 7-февралдагы билдирүүсүндө, жаңы мыйзам “Кыргызстандагы жарандык коомго, укук коргоочуларга жана маалымат каражаттарына кескин терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, деп белгилеп кеткен.

“Ачык Коом” фонддорунун президенти Бинайфер Новрожинин сөзүндө: “Фонддун 30 жыл ичиндеги жасаган ишинин олуттуу көрсөткүчтөрү өзү сүйлөсүн. Фонд жана анын ишине берилген кызматкерлери демократия жана ачык коом үчүн улуттук умтулуулардын алкагында Кыргызстандын бүткүл аймактарында карапайым элге чоң колдоо көрсөтүп келишкен. Фонддун ишмердиги мындан ары улана албай турганына терең өкүнөбүз жана жаңы репрессивдүү мыйзам жарандык коом үчүн белгисиздик менен коркунуч атмосферасын жаратат деген пикирдебиз”.

Түпнуска тексти төмөндө:

Open Society Foundations to cease operations in Kyrgyzstan

NEW YORK — The Open Society Foundations will close their national foundation in Kyrgyzstan following the passing of a new law which imposes restrictive, broad and ill-defined regulations on the activities of internationally-funded local organizations.

Open Society launched the Soros Foundation Kyrgyzstan in 1993, when the country was navigating a complex socio-economic crisis following its independence from the former Soviet Union.

Over the following three decades, the foundation provided over $115 million in funding for a wide range of projects working with both government and civil society partners in the country. These included supporting initiatives in the education and public health sectors, providing access to emerging digital technologies, and working to reform the country’s criminal justice and legal aid systems. Regrettably, this new law means these efforts, aimed at benefiting the country, will be unjustly labelled as the work of «foreign representatives.»

Soros Foundation Kyrgyzstan is locally governed and staffed but receives its funding from abroad, making it subject to the new legal restrictions, which would require all foreign funded non-governmental organizations to report broadly defined «political» activities to the authorities and risk other ill-defined consequences.

According to a statement on February 7 from the Organization for Security and Cooperation in Europe (OSCE), the new law risks “an overwhelmingly negative impact on civil society, human rights defenders, and the media in Kyrgyzstan.»

Binaifer Nowrojee, president of the Open Society Foundations, said: “I believe the foundation’s record over the past 30 years speaks for itself; the foundation and its dedicated staff have been able to provide important support for ordinary people across Kyrgyzstan, in ways that bolster national aspirations towards democracy and open society. We are deeply saddened that this work cannot continue and that this repressive new law will see civil society operate in a climate of uncertainty and intimidation.”