Бишкек шаары, 2023-жылдын 23-ноябры – Эртең, 2023-жылдын 24-ноябрында, Бишкекте Александра Титованын коомдук транспорттогу ыдык көрсөтүү учурлары туурасында жазылган «Аялдама» аттуу китебинин бет ачары өтмөкчү. Китеп изилдөөнүн негизинде жазылып, кыздар, жаш балдар жана айымдар коомдук транспортто туш болгон күнүмдүк окуяларына негизделген сүрөттөрдү камтыйт. Бул долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Искусство актуалдуу социалдык көйгөйлөргө карата коомдук дискурстун калыптануусуна жол берген өзүн көрсөтүү ыкмасы катары» арт-сынактын алкагында ишке ашырылды.

Китептин автору Александра Титова белгилегендей, бул «арыздануу китепчеси» эмес, бул коомубуздун жалпы сүрөтүн берген долбоор. Аял киши мындай учурга кабылгысы келбейт, унчукпастан, андан ары тиричилик жүргүзүүнү да ал каалабас.

Бул китепте баяндалган окуяларды үрөй учурган же кадыресе деп бөлүштүрүүгө болбос, алардын ар биринин өзүнчө мааниси бар. Коомдук транспортто балдарга, өспүрүмдөргө жана аял кишилерге ыдык көрсөткөн эркек кишилер, эреже катары, жазасын тартпагандыктан бул китеп жарык көрдү. Андыктан бул китептин каармандарынын колдоо алам деген үмүтү сейрек эле. Александра бул окуяларды социалдык тармактарда сурамжылоо жүргүзүү аркылуу топтогон. Бир жума ичинде ыдык көрсөтүүнүн 90 учуру белгиленип, бул китепте анын ичинен 55 окуя орун алды. Бардык учур өзгөчө мааниге ээ, андыктан калган окуялар жана келечекте боло турган мүмкүндүү окуялар «Аялдама» китебинин атайын инстаграм-акаунтунан жарыяланмакчы.

Александранын айтымында: «Мен көздөгөн максат – бул көйгөй окурмандарыма канчалык жакын экенин баамдоосуна түрткү берүү, же күмөн санап жаткандарга бул учурларды чыныгы турмуш мисалдарында көрсөтүп берүү. Мындан тышкары, китеп ата-энелерге маанилүү эскертме болмокчу: балдарыңыз менен ыдык учурлары туурасында ачык сүйлөшүңүз, алар сизге: “Менин уруксатым жок мага тийип жатышат” деп так айта алышкандай болуш керек».

Сандар туурасында учкай сөз: топтолгон 90 окуянын ичинен 55 окуясы – бул 6 жаштан 16 жашка чейинки (эң көп учур 10дон 13 жашка чейин курактагылар) балдар

менен өспүрүмдөр туш болгон ыдык учурлары, калган 34 окуя 17ден 30 жашка чейинки адамдардын башынан өткөн. 12 учурда улгайып калган эркек кишилер ыдык көрсөтүшкөн. Ар бир учурда жабыр тарткандардын жеке чектери одоно бузулуп, айрымдары ушул күнгө чейин кайсы бир психологиялык жарааты менен жашап келип, балким, алар жык толгон маршруткадан коркконун коюшпастыр.

Аталган иш-чарага келген коноктор китепти барактап, аны менен @adam_sezet долбоорунан атайын чакырылган Айдай диджейдин үн коштоосунда жакындан тааныша алышат. Катышуучулар ошондой эле үч тилде берилген китептин электрондук түрүнө биринчилерден болуп жеткиликке-QR-коддорго ээ болушат.

###

«Аялдама» китебимдин бетачары

Күнү: 24.11.2023-ж.

Убакыты: 18:00-21:00.

Орду: Бөкөнбаев/Исанов көч. 149, Бишкек, Кыргызстан дареги боюнча

Театр 705