Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) алдында түзүлгөн Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарылайт
Семинар 2014-жылдын 8-12-сентябрь күндөрү КТРКнын Ресурстук борборунда өтөт.
Семинардын программасы:
- Жаңылыктарды берүү принциптери
- Маалымат булактары
- Сюжеттин элементтери жана жанрлар
- Тартуунун жана монтаждоонун негиздери
- Видеотизмектер менен иштөө
- Интервьюнун техникасы
- Сөз ыгы
Семинардын окутуучулары – Кыргызстандын телекомпанияларында иштеп, практикалык тажрыйба топтогон жана жаңылыктык журналистика, атайын репортаж, социалдык жарнама жана имидждик тасма даярдоо жөнүндө окутууларды өтүү боюнча тажрыйбалуу медиа-тренерлер.
Сынакка кыргызстандык телерадиокомпаниялардын жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенген жаш журналисттер менен оператор-монтажерлор катыша алат.
Семинарга катышуу үчүн атайын каттоо-анкетасынтолтуруп, 2014-жылдын 15-август күнү саат 17:00гө чейин training_center@ktrk.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Семинарды уюштуруу, жол кире жана жатакана акыларын уюштуруучулар камсыздайт. Тамактануу акысынын бир бөлүгүн катышуучулар өздөрү төлөөгө милдеттүү. Толук маалымат үчүн окуу борборунун директору Аделя Лаишевага a.laisheva@ktrk.kg кайрылсаңыздар болот.
Долбоор . Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүшүнө көмөк көрсөтүү максатында “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда