Мен августта «Жарандык агартуу академиясына» катыштым. Менин максатым айылдагы жаштарды тартуу эле. Мен өзүм фермермин, Ат-Башыда жашайм. Айылда да жашаса болот. Башкача айтканда, айылда да байып кетүүгө болот. Ар ким бай болгусу келет, туурабы? Эгерде жакшылап эмгек кылсаң, анда татыктуу иштеп таба аласың.
Мен жакшы балдар менен таанышып, достошуп калдым. Алгач барсамбы, барбасамбы деп күмөн болдум. Бизде, айылда жашагандарда, шаардыктар тууралуу көнүмүш сенек ойлор бар – алар эмне, элүүсантиметрлик каблуктар менен жүрүшөт, орусча гана сүйлөшөт, мурдун асманга каратып, бой көтөрүшөт. Бирок, мен ойлогондой эмес, баары тескерисинче болду. Алар абдан жөнөкөй, досторчо ынак, жан дүйнөсү таза, ар ким өзүнүн чөйрөсүндө Кыргызстанды өнүктүрүүгө умтулушат экен. Мен алардын эң улуусу болуп калдым, алар мага урматтоо менен мамиле кылышты. Биздин өзүбүздүн вотсап-тобубуз бар, биз анда активдүү баарлашабыз. Биз бир туугандай болуп калдык.