2017 жылдын 10-ноябрында WikiTranslate2017 долбоорунун презентациясы болуп өттү.

Кыргыз Уикипедиясын 20 миң жаңы макала менен толуктап, макалалардын жалпы санын 80 миңге жеткизген WikiTranslate2017 долбоору “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ишке ашырылды. Бул кыргыз Уикипедиясынын өнүгүүсүндөгү жаңы багыт болуп калды. Кыргыз уикипедиячыларын бул жолку максаты – башка тилдеги Уикилерден жаңы макалаларды которуп кошуу жана бул котормолорду Google Translate кызматындагы кыргыз тил котормолордун сапатын жакшыртуу үчүн колдонуу болду.

«Кыргыз Уикипедиясында эң көп окулган макалалар бул Сагымбай Орозбак уулу жана Курманжан Датка жөнүндө макалалар болуп эсептелинет. Мунун себеби — уюлдук телефон менен Уикипедияга киргенде, биринчи макала болуп дал ушулар сунушталат. Адамдар өздөрү бул макалаларды издеп окуйт, ошондуктан  окурмандардын арасында ийгиликке ээ деп айтсак адилетсиз болуп калат. 100 миң макалалар жазылганда  гана популярдуу макалалар боюнча статистика так болот», — дейт Чоробек Сааданбек, «Биздин Мурас» коомдук фондунун директору.

Кыргыз тилиндеги илим, билим, маалымдама багытындагы контенттин көлөмү чектелген жана толуктоого өтө муктаж экендиги жалпыга маалым. Ошол эле учурда, дүйнөдө сапаттуу, мыйзамдуу түрдө акысыз которуп, билим берүү максатында эркин өздөштүрүп алуу үчүн ачык контенттердин зор көлөмү бар. Ошондуктан биз билимди ылдам өздөштүрүү тажрыйбасын топтоо жана анын куралдарын түзүү маанилүү деп эсептейбиз. Ушул багыттагы алагачкы кадамдарыбыздын бири катары, интернеттин негизги аудиториясы болгон жаштар арасында популярдуу болгон дүйнөлүк кино, музыка, кино жана музыка жылдыздары, китептер, жазуучулар, ойчулдар, окумуштуулар, илим жана маалымат технологиялар тууралуу уикимакалаларды которуп кыргыз Уикипедиясына коштук.

Котормолордун файлы кыргыз тил котормолорун жакшыртуу максатында Google Translate командасына берилди.