Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 180 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын ичинен 30 миӊи 18 жашка чейинки балдар болуп саналат. Мындай балдар өзгөчө аялуу жана коомдон четтетилип калган. Аларды бала бакчаларга сейрек алышат, мектептерге каалабастык менен кабыл алышат, ал эми алардын жарымынан көбү үйдөн сырткары чыгышпайт.

Баарынан да айыл жерлериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга оорчулук келет, анткени, алар социалдык стигмадан сырткары дагы, техникалык мүнөздөгү маселелерге көп дуушар болушат – атайын транспорттун, пандустун жана кармагычтардын жоктугу. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери сейрек гана учурларда иштерин толук ташташып, бардык убактыларын балдары менен өткөрүшөт. Ошондой эле, көпчүлүк үй-бүлөлөр өз укуктары жана жеткиликтүү колдоо кызматтары тууралуу биле беришпейт.

Адилет Наватбеков Ленин айылында жашайт. Ал Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде экинчи класста окуйт. Адилетке өз алдынча басып туруу оор жана ал физикалык колдоого муктаж. Негизинен анын апасы жанында болот. Адилет өз мектебин жакшы көрөт. Анын мугалими ага окуусуна гана эмес, классташтары менен баарлашуусуна да жардам берет. Адилет мектептен келгенден кийин туугандары менен жаӊсоолордун жана кагаздардын жардамы менен өткөн күндөгү таасирлери тууралуу бөлүшөт. Ал төрөлгөндөн баштап сүйлөй албайт. «Бир жолу ал үйгө келип, карточкалардын жана оюнчуктардын жардамы менен бизге жол чыракты көрсөтүп берди, анткени, алар мектепте жол кыймылынын эрежелери тууралуу өтүшкөн экен. Адилет анын баарын бизге сонун түшүндүрүп берди. Ал башкалар сыяктуу эле бала» — дейт анын апасы. Адилеттин апасы аны сабактарда коштоп жүрөт, ошондой эле, танапис учурунда да жардам берет. Анын партадан туруусу же ажатканага баруусу үчүн ага жардам керек. Атайын кармагычтар класстарда да, коридордо да жок.

Бир нече жылдардан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин «Бала Тилеги» коомдук бирикмеси жергиликтүү кеӊештин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүшүп, ата-энелер аларга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын туш болгон кыйынчылыктары тууралуу айтып беришкен жана алардан жардам сурашкан. Анткен менен, сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтык берген эмес.

2017-жылы «Бала Тилеги» коомдук бирикмеси «Айыл жерлериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр үчүн жергиликтүү бюджет каражаттарынын эсебинен билим берүү кызматтарын уюштуруу жана камсыз кылуу» деген аталыштагы изилдөөгө катышкан. Изилдөө «Сорос – Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен өткөрүлгөн. Бул долбоорго катышуу менен, «Бала Тилеги» коомдук бирикмеси Ленин айыл өкмөтүнүн акыркы 3 жыл аралыгындагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө талдоо жүргүзө алды. «Бала Тилеги» уюмунун өкүлдөрү ачык маалыматтарды (budget.okmot.kg, minfin.kg) колдонууну, учурда иштеп жаткан мыйзамдарга (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө») таянып  расмий талаптарды жиберүүнү үйрөнүштү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин «Бала Тилеги» коомдук бирикмеси өзүнүн жеке иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында коомдук бирикме жайгашкан Ленин айыл өкмөтүнүн бюджети Аламүдүн районундагы башка айыл өкмөттөргө салыштырганда бир топ чоӊ экендигин билишти (2017-жылы айыл өкмөттүн кирешеси 40 млн. сомду түзгөн).

Коомдук бирикме жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу так маалыматтарды алгандан кийин жергиликтүү бийлик менен ишенимдүүрөөк жана натыйжалуураак сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Сүйлөшүүлөр, акыры, өз жемиштерин берди. 2019-жылдын башына карата Адилет окуган Ленин атындагы мектептин коридорунун чекелерине жана класстардын ичтерине кармагыч тосмолорду орнотуу үчүн смета түзүлгөн. Ошондой эле, окутуу үчүн балдарды мектепке жеткирип, алып келүүнү ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. КР «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык, балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясына кирет.

Изилдөөгө катышуу уюмга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кызматтарды уюштурууга жана камсыз кылууга каражаттарды жергиликтүү деӊгээлде бөлүү тууралуу маселени көтөрүп чыгуу боюнча стратегияны түзүүгө жардам берди. Ал эми, Аламүдүн районунда жашаган Адилет жана башка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн социалдашууга жана билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөр бир азга да болсо  көбөйүп калды.

 

Айсен адамдардын ордуна роботтор өтө ыплас жумуштарды жасай башташат деп ишенет

«Genius Olympiad 2018» — менин жашоомдогу эң масштабдуу жана өтө чоң иш-чара болуп калды. Мен биздин топ бул олимпиадада катышкан жетимиш төрт топтун бири болгонуна сыймыктанам, өзүбүздүн өлкөнү татыктуу тааныштырганыбызга жана өзүбүздүн идеяларыбызды көрсөткөнүбүзгө сыймыктанам. Олимпиаданын иши бир нече категорияда өттү: искусство, илим, адабият жана робототехника. Биз тандаган «Робототехника» категориясы жумушту абдан көп талап кылган категория болуп саналат. Бир нече жума бою биз өз роботторубузду иш сапарга даярдадык. Робот кыймыл-аракетти гана көрсөтпөстөн, аймакты тазалоо жана таштандыларды чыгаруу боюнча да жумуштарды да аткаруусу керек болчу.

Өзүбүздүн иштерибизди көп жолу кайра-кайра жасоого жана бөлүктөрүн оңдоого туура келди. Ошентип акыры олимпиадага эки роботубузду алдык. Бирок, бирөө, тилекке каршы, жолдон сынып калып, олимпиадада жылып жүрүүчү кран формасындагы бир гана роботту көрсөтүүгө туура келди.

Сынак беш тур менен өттү. Ар бир турда роботтор үчүн атайын тапшырмалар берилип турду. Биз өзүбүздүн машинабызды жакшылап көрсөтүп, жюри мүчөлөрүнө алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу да айтып беришибиз керек болчу. «Кайра тирилген» роботубузду көрсөтүп жатып мен анын, чындыгында эле, начар эмес экендигине ынандым. Ал бардык тапшырмаларды аткара алды, ошентип, биздин топ жакшы жыйынтыктарга жетиштик — татыктуу 4-орунду 74 өлкөнүн ичинен утуп алдык.

Олипиаданын жыйынтыктоочу күнүндө мага жана биздин топко ардак грамоталарды тапшырышты жана биздин ишти инновациялык деп баса белгилешти.

Олимпиаданын жүрүшүндө ар бир категориялар боюнча көрсөтүлгөн топтордон көптөгөн кызыктуу идеяларды жана презентацияларды көрдүм. Бул презентациялардын ар бири өлкөнүн ичиндеги дагы, сыртындагы дагы экологиялык жана айлана-чөйрөдөгү маселелерди чагылдырышты. Бул долбоордо иштөө мага өзүмдүн чыгармачылык потенциалымды ачууга жана жеке дагы, топто иштөөдө дагы өзүмдү жакшылап көрсөтүүмө мүмкүндүк берди. Мындан сырткары, долбоордун сапаты көпчүлүк убакта авторлордун даярдыгынын белгилүү бир баштапкы деңгээлинен да көз каранды экендигин түшүндүм.

Албетте, бир жолку катышуу жеке өсүү үчүн жетишсиз болуп саналат, ошол себептен, мен мындан ары дагы ушул сыяктуу эл аралык ири олимпиадаларга катышууга, өзүмдүн билимимди тереңдетүүгө жана робототехника гана эмес, башка тармактарда дагы тажрыйба жана практикалык көндүмдөрдү топтоого аракет кылам. Ошондой эле, мен кийинки жылы дагы «Genius» олимпиадасына кайрадан катышууга аракет кылып көрөм. Мен эми тажрыйбалуу болуп калдым да.

Менде өзүмдүн роботумду жакшыртуу жана анын айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө колдонуу боюнча идеялар бар. Олимпиадага катышуу экология маселесине жаңыча көз караш менен кароого мүмкүндүк берди. Үйгө кайтып келгенден кийин өзүмдүн мектебимде айлана-чөйрөнүн тазалыгы үчүн күрөшкө жигердүү катышууну чечтим.

Анимация жана робототехника боюнча өзүмдүн билимимди тереңдетүүнү уланта берем, ал эми алган тажрыйбамды жана көндүмдөрдү өзүмдүн өлкөмдүн ичинде гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү экологиялык коопсуздук боюнча күрөшкө багыттайм. Акылдуу роботту түзүү менен көптөгөн адамдарды оор жумуштан бошотууга болот. Андан сырткары, роботторду таштандыларды бөлүштүрүүгө, аларды кайра иштетүүгө, кир аба жана деңиз агымдарын тазалоо үчүн атайын анклавдарды түзүүгө, ошондой эле, деңиз жана океан тереңдиктерин деңиз калдыктарынан жана таштандыларынан тазалоо үчүн колдонууга тартуу мүмкүн. Булардын баары жакынкы убактарда иш жүзүнө ашырылат деп ишенем.

Эки жумага жакын мен алыс жана эң сонун өлкөдө – бала чагыман бери кыялданып жүргөн өлкөдө болуп келдим. Генийлердин олимпиадасы өткөрүлө турганын, өзгөчө, экология маселелери боюнча боло тургандыгын укканда, мен дароо эле ага катышууну кааладым. Мен өзүм анимацияга кызыккандыктан, биринчи идеям анимация чөйрөсүндө болду. Бирок, анимация боюнча ишимди жиберүүгө кечигип калдым. Ошол себептен, информатика мугалимим менен бирге «Робототехника» категориясы боюнча катышууну чечтик. Бул чечимиме өкүнбөйм. Олимпиаданын өзү Онтарио дарыясынын жээгинде жайгашкан, укмуштуудай кооз Освего шаарында өттү. Освего шаарында биз барган жерлердин баары жыйнактуу жана кооз экен.

Олимпиаданын программасы боюнча мазмундуу презентациялар жана докладдар өтө көп болду. Андан сырткары, ар түрдүү көӊүл ачуу жана иш сапар программаларына жык толду. Албетте, мага атактуу Ниагара шаркыратмасына барганым эсимде калды, ал мага эстен кеткис таасир калтырды. Эгерде, Америкага болгон сапар жакты деп айтсам, анда ал жетишсиз болот. Бул иш сапар менин мээмди «ачып койду» десем болот. Мен көп нерсени көрдүм, көп нерсени уктум, мен аз жерден маалыматтардын көптүгүнө «көмүлүп кала жаздадым», ал эми, эң башкысы – мен эң жакшы адамдар менен тааныштым.

Освегодогу олимпиададан сырткары, биз Американын беш штатында болдук, Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон жана Лос-Анджелес шаарларына бардык, белгилүү MIT жана Гарвард университеттеринде болдук, Ак Үйдү, Капитолийди жана Голливуддагы «Жылдыздар аллеясын» да көрдүк.

Америка мага өзүнү тазалыгы жана жөнөкөйлүгү менен жакты, ал жакта адамдар да жакшы экен. Алар өзүнүн өлкөсүнө жакшы мамиле жасай тургандыктарын жана өз жаратылышын абдан этияттык менен коргой тургандыктарын баамдадым. Биз дагы өзүбүздүн өлкөбүзгө ушундай этияттык менен мамиле кылуубузду каалайт элем.

 

Билим берүү онкологиялык жактан жабыркаган балдарды медициналык-социалдык жактан калыбына келтирүү үчүн эң маанилүү компонент болуп саналат” — деп эсептейт Динара Аляева.

Москвадагы Д. Рогачев атындагы балдардын гематологиялык, онкологиялык жана иммунологиялык Улуттук медициналык изилдөө борборундагы (УМИБ) госпиталдык мектепке болгон иш сапарыбыздын алкагында Рогачев атындагы УМИБ менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Кызматташык тууралуу келишимге кол коюлду.

Келишимге кол коюуга Рогачев атындагы БГОИ УМИБдин директору, академик Румянцев А.Г, «Окуйбуз&Билебиз» долбоорунун жетекчиси, PhD (философия илимдеринин доктору) Шариков С.В. жана КР Билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Г. катышышты. Документке ылайык, “Окуйбуз&Билебиз” (Москва) инновациялык билим берүүчүлүк аянтчанын түзүүчүлөрү катуу ооруп, узак мөөнөткө дарыланууда жүргөн балдардын билим алуулары үчүн шарттарды түзүүгө ар тараптуу усулдук колдоо көрсөтүшөт. Бул долбоорго “Окуйбуз&Билебиз — Кыргызстан” деген ат коюлду. Госпиталдык мектепте окутуу катуу ооруп, узак мөөнөткө дарыланууда жүргөн балдардын билим алууга болгон укуктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Академиялык жана мектепке чейинки билим берүү онкологиялык жактан жабыркаган балдарды ар тараптуу медициналык-социалдык жактан калыбына келтирүүдө эң маанилүү компонент болуп эсептелет. Бишкекте балдардын онкологиялык борборунун жаңы курулуп жаткан имаратында госпиталдык мектеп үчүн класстар бөлүнүп берилет. КР Билим берүү жана илим министрлиги госпиталдык мектептин мугалимдерине бюджеттен каражат бөлүү үчүн  каржылык эсептөөлөрдү жүргүздү. Ушул жылы жайында госпиталдык мектепке кадрлар жана анын жабдууларынын техникалык долбоору даярдалат. Ошондой эле, долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүүгө да көӊүл бурулат, анткени бул категориядагы бейтаптардын саны көбүрөөк болуп саналат.

Делегация менен чогуу КР Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн мектепке чейинки балдар менен иш алып барган “Дино” балдар билим берүү борборунун өкүлдөрү да барышты. Кыргызстандан барган делегациянын курамында “Жардам берүү оӊой” коомдук фондунун директору Аляева Д., “Дино” балдар билим берүү борборунун директору Кельдибекова Л., мектепке чейинки сабактардын мугалимдери Шмалюк Г., жана Редина Е. болушту.