2021-жылдын жай мезгили күн сайын «каргашалуу июль» убагын эске салат. Быйыл коронавирус 2020-жылына караганда күчөдү. COVID-19 үчүнчү толкуну мутацияланган вирустун кесепетинен «каргашалуу июль» мезгилине караганда оорураак болуп чыкты. Июнь айында үч жуманын ичинде коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны  10 миңге чейин жетти. Учурдагы кырдаалды эске алып, 118 тынымсыз байланыш линиясынын иши күчөтүлдү. Эскерте кетсек, 118 долбоору буга чейин 2020-жылы коронавирустун биринчи толкуну менен күрөшүүгө өтө чоң жардам берген.

«Каргашалуу июль»

«118, сураныч, келип, эшигимдин сырткы туткасын сыртынан тазалап кете аласыңарбы? Кечээ бирөө эшик каккылаган, бирок мен ачпай койдум, коронавирус күчөп жатпайбы».

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилген мезгилде 118 тынымсыз байланыш линиясына жарандар кандай гана маселелер менен кайрылышкан жок, анткени калк арасында туура жооптор жок болуп, эл дүрбөлөңгө түштү. Карантиндин айынан шаардын белгилүү бир аймагына кантип жетип, же төлөмдөрдү кантип жүргүзүү керектигине чейин чалып сурап жатышты. Суроолордун ар түрдүүлүгү, мындай кыйын кырдаалда жалаң 118 тынымсыз байланыш линиясы гана элге жооп берип жатканы менен шартталды. Бир нече убакыт өткөн соң гана бул кызматка COVID-19га байланыштуу олуттуу суроолор менен эле кайрылуу керек экендигин түшүнүштү. Бирок ал сырттан көрүнгөндөй жайбаракат болгон жок.

Пандемия менен күрөшүүдө биринчи кезектеги милдеттердин бири эл дүрбөлөңгө түшүп, оор жүктөмдү көтөрө албаган, андан да жаманы инфекциянын очогуна айланышы мүмкүн болгон ооруканаларга жана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жапырт келүүнүн агымына жол бербөө болду, Элди баштапкы маалымат менен камсыздап, илдетти өз алдынча аныктоо боюнча консультацияларды берип, ооруканалар менен бейтапканалардын ишин жеңилдетүү үчүн байланыш куралын жаратуу муктаждыгы келип чыкты.

Ошондуктан, 2020-жылдын 6-апрелинде «Сорос-Кыргызстан» Фонду Президенттин Аппараты, Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, «Кыргызтелеком» ААК жана нын «Медициналык билим берүү реформасы» Швейцария долбоору менен кызматташтыкта 118 тынымсыз байланыш линиясын демилгеледи.

Күнүнө 4 000ге жакын чалуулар түшүп жатты. Жарандар эмоцияга алдырып, тез жоопторду талап кылып жатышты. Чалуулар 3төн 10 минутага чейин созулуп, ар бир адам толук кандуу консультация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ушундай эле колл-борборлор областтык борборлордо да уюштурулду. Команда «бейтап – оператор – саламаттык сактоо уюму» алгоритми боюнча суроолорду иргөө жана консультация берүү боюнча иш процессин тартипке келтирип алды. 118 тынымсыз байланыш линиясы жеринде консультация берүү жана тест алуу кызматтарын, ошондой эле күтүүсүз жагдайларда тез жардам көрсөтүү үчүн бригадаларды жөнөтүп туруу максатында, мобилдик командалар менен байланышты иштеп келишти.

Өлкө аймагынын баарына консультация берүү үчүн операторлор жетишпей жатты. Жарандардын 200 000ден ашуун кайрылууларына жооп берүү үчүн эң аз дегенде 80 адам жумушка тартылды. Телефон чалууларга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ассоциациясы жана КММАнын дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын окууларынан өткөн ординаторлор, бүтүрүүчүлөр менен мыкты студенттер жооп берип келишти. Бирок жайында штатты кеңейтүү муктаждыгы келип чыкты, анткени өзгөчө кырдаал жаралды: талапкерлерди тандоо жана документтерин текшерүү ыкчам жүргүзүлүп, жаңы келгендер экспресс-окутуудан өтүп, ошол замат колл-борборлорго тажрыйбалуу кесиптештеринин карамагында иштөөгө жөнөтүлүп жатты.

Дагы бир өзгөчө окуя коомдун маанилүү көйгөйлөрүнүн бирин ачыктады. Кызматка Бангладештен келген жаш кыз чалып, Медициналык билим берүүчү жайдын жатаканасында Пакистандык студенттер тарабынан зордукталып, уртокмокко алынып, тонолгонун билдирди. Операторлор тезинен милиция чакырды. Пандемия маалында өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан кызды бир нече айга коопсуз жайга алып барып, жайгаштырышты. Ошондой эле билим алуусун улантышы үчүн КММАга которулганга жардам беришти.

Коронавирус пандемиясы өлкөдө каатчылык маалында биригип, күрөш алып барууга даяр болгон кайдыгер эмес жарандар арбын экенин көрсөттү. Ыктыярчылардын жоон тобу медициналык билими жок болсо да, кыйын кырдаалда өлкөгө жардам көрсөтүп, 118 командасына да көмөктөшүүгө даяр турушту: бири тамак ташып, зарыл буюмдарды алып келип жатышты, экинчилери консультация бергенге жең түрүп киришип, үчүнчүлөрү стационарларга барып жардамдашышты.

118 долбоору COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүгө чоң таасирин тийгизди. 118 колл-борбору «каргашалуу июлдан» да артык жагымсыз кесепеттердин алдын алууга көмөктөштү. Так ушул июлда эң көп жоготуулар болду жана чалуулардын рекорддук көрсөткүчтөрү да ошондо катталды – 108 054.

Бул жана башка окуяларды 2020-жылынын жылдык отчетунда окусаңыздар болот.