Бишкекте ARCity Art аттуу толукталган реалдуулук боюнча уюлдук тиркеменин бетачары өтөт
5-март күнү саат 16-00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде толукталган реалдуулук боюнча ARCity Art уюлдук тиркемесинин бетачары өтөт.
ARCity Art тиркемеси толукталган реалдуулук режиминде жер шарынын каалаган жеринде көргөзмө уюшутурууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун негизги максаты – билим берүү жана маданият долбоорлорун алдыга сүрөө үчүн заманбап технологиялардын жардамы менен кызыктуу, жеткиликтүү жана көп кырдуу платформаны жаратуу. Эми бардык көркөм сүрөтчүлөр, таланттуу фотосүрөтчүлөр жана искусство баалоочулар өз чыгармаларын ар кандай масштабдагы көргөзмө жаратып, дүйнөнүн каалаган шаарында жайгаштыра алат. Ал үчүн болгону гана АR (Augmented Reality) режимин колдогон жана интернетке туташтырылган смартфон (Android же iOS) жетиштүү. Жайгаштырылган көргөзмөлөрдү ARCity Art тиркемесинин колдонуучулары көрө алышат.
Мындан ары көркөм сүрөт чыгармаларынан эч кандай чектөөсүз ырахат алууга болот.
Тиркеменин бетачарында Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Айгүл Мамбетказиева, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов жана “Инновацияларды өнүктүрүү фондунун” өкүлү Данияр Ниязов чыгып сүйлөшөт.
Аталган долбоор “Шаар үчүн толукталган реалдуулуктун ARCity Art уникалдык платформасы” программасынын алкагында “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Жарандык катышуу” программасынын колдоосу менен уюштурулган.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү адистер менен байланышсаңыз болот:
- Нурматова Юлия, “Инновацияларды өнүктүрүү коомдук фонду”: jnurmatova@askartec.com, 0558 036 366
- Амангелди Джумабаев, “Жарандык катышуу” программасынын координатору: amangeldi@soros.kg