«Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы » (IDEA CA) коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен контент түзүү боюнча MediaJasa долбоорун ишке киргизди. Долбоордун максаты – контент түзүүчүлөрдү жана авторлорду идея жаратууга, медиапродукцияларын Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада өнүктүрүүгө жана жайылтууга үйрөтүү.
2021-жылдын 19-июлуна чейин ар бир каалоочу идеялардын сынагына анкета толтуруп, өзүнүн долбоорун ишке ашыруу үчүн мини-гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
MediaJasa долбоору жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер жөнүндө дискурстарды түзүүгө багытталган мультимедиа долбоорлорун жана демилгелерин колдойт. Мисалы: феминизм, теңдик, жарандык активдүүлүк, саясий сабаттуулук, сергек жашоо образы, экоактивизм, лайфстайлинг ж.б.
Долбоор бир нече этаптардан турат:
- Каалоочулар контенттин түрлөрү жана алардын өнүгүүсүнүн ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат ала тургандай mediajasa.ideaca.today сайтын ишке киргизүү. Ушул эле баракчада алар өз идеяларын жүзөгө ашыруу үчүн каржылык жардам сурап кайрыла алат.
- Мыкты медиадемилгелердин конкурстук тандоосу. Популярдуу аянтчаларда (социалдык тармактар жана мессенджерлер) чыгармачыл жана мыкты долбоорлору менен бөлүшкөн контенттерди кубаттайбыз.
- Июлда эки күндүк BoostCamp өткөрүү: блогерлерден жана инфлюенсерлерден экспресс-лекциялар, воркшоптор, панелдик сессиялар жана мастер-класстар. Питчинг-сессиялардан кийин өздөрүнүн долбоорлорун жайылтуу үчүн мини-гранттарга ээ болуучу финалисттер тандалат.
- Август айынан баштап октябрга чейин ментордук программанын алкагында идеяларды жүзөгө ашырууну колдоо.
- Жыйынтыктоочу отчеттук офлайн- жана онлайн-фестивалдарын өткөрүү.
Сынакка катышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруңуздар.
Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Саида Нуралиева менен байланышсаңыздар болот:
snuralieva@idebate.org