Ош шаарында 2021-жылдын 13-июнунан тартып 18-июнуна чейин «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана Кыргыз информатиктер ассоциациясынын колдоосунда түштүк областтардын мектеп окуучуларынын арасында программалоо боюнча Жайкы лагери өттүү.

Программалоо боюнча беш күндүк лагерь Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын мугалимдерин окутууга багытталды. Алар өздөрүнүн окуучулары менен биргеликте информатиканы үйрөнүүнүн жаңы багыттары менен таанышты, ошондой эле Python тилинде программалоо деңгээлдерин практикада жогорулата алды.

Азыркы учурда региондордо балдардын балдардын жаңы санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн дал ушул информатика мугалимдери түрткү боло алышат. Бирок мугалимдерге информатика боюнча кадимки мектеп курсунун алкагынан тышкары темалар менен «өнүктүрүлгөн» курстарды өтүү үчүн кошумча көндүмдөр талап кылынат.

Лагерь «Сорос-Кыргызстан» Фондунун региондордо IT-билим берүүнү колдоо боюнча иш-чараларынын бири болуп санала.