Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте Civic City Dashboard үчүн шаар маалымат чогултуу боюнча идеялардын хакатону уюштурулду. Иш-чаранын демөөрчүлөрү, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын акселератордук лабораториясы,  жана Кыргызстандагы Социалдык Инновациялар Лабораториясы (SILK), катышуучулардын алдына коопсуздук, инклюзивдүүлүк, шаарды жашылдандыруу жана башка маанилүү индикаторлоруна көз салуу боюнча идеяларды иштеп чыгуу боюнча максат коюшкан.

Эки күндүн ичинде Хакатондун катышуучуларынын идеяларын техникалык жактан кантип өркүндөтүү, ошондой эле долбоордун шаардыктар үчүн кандай пайда келтирээри тууралуу жардам берилип жатты. Насаатчылардын арасында  Civic City Dashboard платформасынын иштетип чыккан  Timely Soft IT компаниясынын жана Peshcom аттуу шаардык мейкиндиктерин жакшыртуу боюнча жарандык демилгенин өкүлдөрү да болду.

Студенттерден, адистерден жана активисттерден турган алты курама топ финалга чыгып, бишкектиктердин курч көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорун көрсөтүштү. Мисалы:

  • Шаардын ичиндеги көйгөйлүү тротуарлары боюнча маалыматтарды чогултуу үчүн Telegram боту;
  • Шаардагы светофорлорду алыстан башкаруу негизинде жолдогу тыгындарды жоюу;
  • Бишкектин ар кайсы райондорунда электр энергиясынын жана интернеттин өчүрүлүшү боюнча маалыматтарды чогултуу методикасы;
  • Инфракызыл нурлануу менен шаарды жашылдандыруу деңгээлин баалоочу тиркеме;
  • Дрондордун жардамы менен көчөлөр жана жолдордун жогорку сапаттагы сүрөттөрүн чыгаруу;
  • Шаардын мобилдүүлүгү жана жашылдандыруу боюнча статикалык маалыматтарды чогултуу боюнча «Көк Бишкек» долбоору.

Хакатондун жыйынтыктары уюштуруучулар менен насаатчылардан турган калыстар тобу тарабынан жакынкы арада чыгат. Анын натыйжасында жеңүүчү команда өз долбоорун ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөр тарабынан каражат алат.

Маалымдама: Civic City Dashboard долбоору муниципалдык кызматтардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү куралын түзүү зарылчылыгы катары жаралган. Долбоор ар бир бишкектик жаран аны менен иштей ала тургандай жөнөкөй жана түшүнүктүү форматта көрсөтүлө турган визуалдык маалыматтар менен платформаны жакшыртууга багытталган. Бул маалыматтарга таянып, ар түрдүү көрсөткүчтөрдүн корреляциясын көрүүгө болот. Көп учурда алардын бир-бири менен байланышы байкалбайт жана анализдешитирилбейт. Бирок, бул көрсөткүчтөр менен шаардыктардын жашоосун жашкшырта турган чечимдерди табуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Мисалы, шаардагы жарыктын деңгээли менен зордук-зомбулуктун деңгээлинин ортосундагы байланышын, же жолдордун кеңейиши чын эле жол тыгынынын азайышына таасир этерин текшерүүгө болот.