«Сорос-Кыргызстан» Фонду Украинадагы окуяларга тынчсыздануу жана санааркоо менен байкоо жүргүзүүдө. Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн Украинага кол салуусу эл аралык укукту бузуу жана суверендүү жана демократиялуу мамлекетке каршы согуштук агрессиянын айкын актысы болуп саналат. Украинага каршы согуш бардык региондогу тынчтыкка коркунучу жаратат жана гуманитардык жана экономикалык катастрофага алып келет, бул Украина жана ага чектеш регионго гана эмес, Кыргызстанды кошуп алганда дүйнө жүзүнө тиешелүү, ошондой эле эл аралык мамилелердин жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн негизиндеги фундаменталдуу принциптерди коркунучка кептейт.

Ошону менен бирге, суверендүү мамлекеттин аймагына мыйзамсыз кол салуу Кремлдин саясий чечими болуп саналат жана Россия элинин толук эркин билдирбейт деп ишенебиз.

Биз Украина элине мамлекеттик иденттүүлүгү, эркиндиги жана көз карандысыз мамлекеттик сактоого жана өнүктүрүүгө умтулгандыгы үчүн бул кыйын күрөштө тилектештигибизди жана чын дилден колдой турганыбызды билдиребиз.

—-

The Soros Foundation-Kyrgyzstan stands with Ukraine as we watch the events and suffering unfold with great pain. Russia’s invasion of Ukraine is a violation of international law and a clear act of military aggression against a sovereign and democratic state. The war against Ukraine threatens peace across the region; it is likely to set in motion a humanitarian and economic disaster affecting not only Ukraine and the surrounding regions, but the world, and threatens the fundamental principles that underpin international relations and rule of law.

We acknowledge that the invasion of Russian forces is a political decision of the Kremlin and does not reflect the stance of the Russian people.

We express solidarity and sincere support to the people of Ukraine in their heroic struggle for state identity, freedom and democracy.