“Эркин Ойчул” программабыздын жаңы чыгарылышында ачык жана адилеттүү мамлекеттин өнүгүшү үчүн журналисттик иликтөөнүн мааниси жана зарылчылыгы тууралуу сөз кылабыз. Бүгүнкү күндө биздин журналистикадагы бул салыштырмалуу жаш багыт коррупцияга каршы күрөштө өзгөчө роль ойноп, мамлекеттин туура демократиялык өнүгүүсүнө үмүт берет.

Эр жүрөк жана тайманбас журналисттердин аркасы менен элибиз өлкөдөгү ири шылуундар жана уурулуктар тууралуу маалымат алып жатат. Программанын атайын чыгарылышында тажрыйбалуу иликтөөчүлөр ачык маалыматты жана фактчекинг ыкмаларын колдонуу менен тергөө кандай жүргүзүлөрү тууралуу айтып беришет.

Бүгүнкү чыгарылышты коноктору:

  • Токтосун Шамбетов — Журналист
  • Асель Сооронбаева — Иликтөөчү журналист
  • Тынымгүл Эшиева — «Сорос-Кыргызстан» фондунун ММКларды өнүктүрүү программасынын директору

Алып баруучу: Алия Суранова