«ИСКУССТВО ЖАНА МАДАНИЯТ» ПРОГРАММАСЫ

«Сорос-Кыргызстан» Фонду искусство жана маданият жаатындагы долбоорлорду колдоо үчүн тынымсыз аракет кылууда.

2021-жылы коомдун маданий өнүгүүсү үчүн жаңы «Искусство жана маданият» программасын ачуу чечими кабыл алынган.

Программанын максаты:

  • Заманбап, туруктуу чыгармачыл чөйрөнү түзүүгө салым кошуу
    Программа искусство өкүлдөрүнүн жана лидерлеринин, көзкарандысыз көркөм чөйрөлөрдүн жана искусство ишмерлеринин эстетикалык, саясий муктаждыктарын канааттандырган ар кандай көркөм практикаларды жайылтуу жана жергиликтүү маданий мейкиндиктерди чыңдоо максатын көздөйт. Программа ошондой эле маданият, искусство жана социалдык өзгөрүүлөр кесилишинде иштеген жергиликтүү маданий уюмдардын жана демилгелердин тармагын бириктирүү, чакыруу жана колдоо үчүн кызмат кылууда.

Учурда программа 3 негизги багытта иштейт:

  • заманбап коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырган көзкарандысыз көркөм демилгелерди колдоо
  • Кыргыз Республикасынын шаарларында маданий модернизациянын өсүшүнүн потенциалын аныктоо
  • жергиликтүү позитивдүү девианттар ишке ашырган социалдык маданий жаңылыктарды жайылтуу

Байланышуу:

Виктория Юртаева
«Искусство жана маданият» программасынын директору
E-mail: viktoria@soros.kg