«ДЕМОКРАТИЯЛЫК БАШКАРУУ» ПРОГРАММАСЫ

«Сорос-Кыргызстан» Фонду (СКФ) – эл аралык бейөкмөт жеке фонд – Кыргыз Республикасында коомдук институттарды жана жарандык демилгелерди өнүктүрүүнү колдоо менен ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүгө аракеттенет.

2021-жылы «Демократиялык башкаруу» жаңы программасын ачуу чечилген. Программа Кыргызстандын коомуна демократиялык институттарды жана баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Демократиялык башкаруу – ачык, отчеттуу, инклюзивдүү, коомдук башкаруунун жыргалчылыгына багытталган – жарандык көндүмдөрдүн жана билимдердин болушуна, жарандардын катышуусуна жана активдүүлүгүнө жана жарандардын, алардын бирикмелеринин жана бийликтин ортосундагы сүйлөшүүлөр жана көмөктөшүүлөр үчүн натыйжалуу мейкиндиктерди жана институттарды пайдаланууга негизденет.

Кыргызстанда демократиялык башкарууга көмөктөшүү үчүн программа жарандык демилгелерди ишке ашыруу, жарандык көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлин жогорулатуу, катышуунун эркин жарандык мейкиндиктерин бекемдөө жана Кыргызстанда демократиялык башкарууну өнкүтүрүүнүн көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө долбоорлорун колдоого багытталган.

Байланыштар:

Эмилбек Джураев
«Демократиялык башкаруу» программасынын директору
E-mail: emilbek@soros.kg

Баглан Мамаев
«Демократиялык башкаруу» программасынын координатору
E-mail: baglan@soros.kg