УКУКТУК ПРОГРАММА

Укуктук программанын 2014-жылдан 2017-жылга чейинки узакмөөнөттүү стратегиялык максаты – керектүү процессуалдык кепилдиктерди бекемдөө фокусу, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүү системасын жакшыртуу, кыйноолорду жана катуу мамиле жасоолорду колдонуу фактыларын изилдөө жана натыйжалуу документтештирүү менен адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп берген жазык сот иштерин жүргүзүү системасын орнотуу.

2014-жылы Укуктук программа эки багыт боюнча иш алып барат:

Жазык сот иштерин жүргүзүү реформасын колдоо

Милдеттер:

1)      Эл аралык стандарттарга көпчүлүк деңгээли туура келген ЖК жана ЖПК сапаттуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана даярдоонун натыйжалуу процесстерине мүмкүндүк түзүү.

2)      Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана талкуулоо процессинин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, жарандык коомду кеңири тартууну жана катыштырууну камсыз кылуу.

3)      “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуунун натыйжалуу процесстерине түрткү берүү

4)      Жарандык коомду “Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо процесстерине тартуу.

5)      Саламаттык сактоо системасынын практикасына Кыйноолорду жана башка катуу, өтө катаал же мамиле кылуулардын жана жазалардын абийирди басынтуучу түрлөрүн натыйжалуу изилдөө жана документтөө боюнча (Стамбул протоколу) БУУнун Нускамасын жайылтуу тууралуу биргелешкен иш планын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү;

6)     Кыйноолорго каршы БУУнун Комитетинин жана кыйноолорго каршы БУУнун Атайын докладчысынын өз алдынча сунуштарын аткарууга көмөктөшүү.

  Адам укуктарынын жана документтештирүүнүн мониторинги

Адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун үстүндө коомдук контролду күчөтүү максатында эксперттик колдоо көрсөтүү, талдоо, мониторинг, эдвокаси жүргүзүү жана реформалоо процессин чагылдыруу, ошондой эле адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жалпыга таанылган стандарттарын алга жылдыруу үчүн жергиликтүү бейөкмөт уюмдарына гранттык колдоо көрсөтөт.

Төмөндөгү багыттар боюнча үш жүргүзүү үчүн адам укуктарын коргоо жана алга жылдыруу жаатында ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү бейөкмөт уюмдар гранттык сынакка катышууга чакырылат:

Жазык сот адилеттиги чөйрөсүндө укуктук реформалар мониторинги жана эдвокасиси;

Кыйноолордун жана жаман мамиле жасоолордун, анын ичинде натыйжалуу документтештирүү жана изилдөө механизмдери аркылуу алдын алуу;

Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын орнотууга мүмкүндүк түзүү;

Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык механизмдердин сунуштарын алга жылдыруу, колдонуу жана аткаруу.

Укуктук программа менен укук коргоо кыймылдарынын катышуучуларынын билимдеринин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган билим берүүчү долбоорлор дагы ишке ашырылат.

Өнөктөштөр

Мамлекеттик түзүмдөр: КР Президентинин Аппараты, КР Юстиция министрлиги, МКЮЖ боюнча Президентке караштуу Улуттук Кеңеш, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук Борбор.

Эксперттик коомдор: Эксперттик жумушчу топтор, юридикалык илимпоздордон / академиялык коомдордон көз карандысыз эксперттер.

Эл аралык агенттиктер: БУУнун АУБЖКБ, ОБСЕ, UNODC (БУУнун баңгизаттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы), GIZ, БУУнун Программасы, IDLO.

Кыргызстандын ЖОЖдорунун базаларында калктын аялуу топторуна бекер юридикалык жардам көрсөтүүчү юридикалык клиникалар.

Жарандык коомдук уюмдар: аялуу коомдордун (ЛГБТ, ЛЖВС) кыйноолорду, гендердик тең укуктуулуктары, үй зордуктоолору, балдар укуктарын коргоонун алдын алуу чөйрөсүндө иштеген БӨУлар жана укук коргоочу уюмдар.

Байланыштар:

Нуриана Картанбаева
Укуктук программанын директору
E-mail: nkartanbaeva@soros.kg

Тахмина Ашуралиева
Укуктук программанын координатору
E-mail: tashuralieva@soros.kg

Эмиль Конулькулов
Укуктук программанын координатору
E-mail: emil@soros.kg