Интернет провайдерлердин ишмердигин лицензиялоо Кыргызстанда Интернеттин өнүгүшүн токтотуп жатат. Мындай жыйынтык Кыргызстандагы интернетти колдонуудагы баалардын келип чыгуусун изилдөөдө келип чыкты. түзүлүшүнүн изилдөөнүн негизги жыйынтактардын бири болду. Бул изилдөө «Сорос-Кыргызстан» фонду жана Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан даярдалган.
Лицензия алуу үчүн ишмер Мамлекеттик байланыш агенттигинен алты документтен турган пакетти алуусу керек болууда. Анын ичинде 14 пункттан турган техникалык сунуштар бар. Кыргызтелекомго окшогон чоң оюнчуларгы мындай техникалык сунушту жазуу кыйынчылыкты түзбөгөйт деле, себеби анда тажрыйбалуу адистер иш алпарып келишет. Бирок адам жана каражат ресурстары чектелген кичи интернет провайдерлер үчүн бул чоӊ тоскоолдуктарды түзүүдө.
Изилдөөнүн авторлору Интернет провайдерлерге болгон лицензиялоону алып салуу же бул процедураны сертификациялоого алмаштырууну сунуш кылышат. Ушул ишмердикти лицензиялоону алып салуу боюнча Азербайжан менен Молдованын жакшы тажрыйбасы бар, жана ал инвестициялардын бир топ өсүшүн жана глобалдык тармакты колдоонучулардын санын өсүшүнө алып келген.
Азыркы учурда, мамлекеттин ишмердикке аралашуусун азайтуу жараянын баштаса, жеке интернет провайдерлер инфраструктураны өнүктүрүгөө даярдыктарын билдиришүүдө.
«Интернет провайдер үчүн интернет колдонуучулардын позитивдүү пикири алардын негизги лицензиясы болуш керек. Жасалган жумуштун баа берүү критериясы — лицензия эмес, ал сапат. Болбосо, лицензия жөн гана профанация болуп, сапат экинчи орунда калып калат», — деп серепчи Сейитбек Усманов эсептейт.