Долбоор Ачык коом Фондунун тармактык медиа программасы тарабынан “Сорос-Кыргызстан” Фондунун маалымат программасынын жана “ММКларды колдоо” программасынын катышуусу менен колдоого алынган.

Кыргызстанда ыкчам сапаттуу жаңылык маалыматтарын берүүнүн таптакыр жаңы ыкмасы пайда болду. “КУШ КАБАР” долбоору — «Уюлдук телефон аркылуу жаңылык» — бул Кыргызстан үчүн эле эмес жалпы Борбордук Азия үчүн да жаңы долбоор.

Мындай долбоорду түзүү идеясы 3 жыл мурун козголгон. Кыргызстандын бүткүл көзкарандысыздык жылдарында ММК маалымат жагында толугу менен бүткүл өлкөнү каптай албады. Эми ар бир кыргызстандык гезит, радио же телевизор жок жерде деле ыкчам маалымат ала алышат. Бул үчүн өзүнүн уюлдук же стационардык телефонунан кыска номерди терүү гана жетиштүү. Начар көргөн адамдар жаңылыктын үн блогунан пайдалана алышат.

Долбоор бүткүл өлкөнүн масштабында, же өз алдынча облус, район, шаар үчүн жайылтылып пайдалануусу менен өзгөчө. Ал чыр-чатак учурунда маалыматтын жетишпестиги кайгыга алып келген учурларда колдонулушу мүмкүн. Атайын маалымат блоктору түзүлгөн жагдайларга жарандарды багыт алууга жардам берет (Маселен: “этият болгула, бул жерде атып жатышат”, “кошуна көчөдө ысык тамак жана коргоо бар”). Андан сырткары, мындай маалымат блоктору көп сандаган ушактар менен ийгиликтүү күрөшө алат. Эми ар бир кыргызстандык өзү сайттын текстин түзүүгө катышса болот. Болгону маалыматты тез арада текшерүүдөн кийин гана телефон аркылуу билдирүү керек, ошол жерден жаңылык блогу коюлат. Мындан сырткары, маалыматты кабарлоо үчүн телефон чалган адамдын чыгымын “КУШ КАБАР” долбоору төлөп берет. Келечекте телефон менен үн маалыматы эле эмес сүрөт, видеолор да берилиши күтүлөт.

“Ушул долбоордон улам аймактар менен кайра байланыш жакшырат. Алыскы айыл, район же облус, ал жөнүндө ошол эле саатта жарандын өзү билдиргени коомчулуктун энчиси болуп калат. Мындай учурда мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү болуп жаткан окуяларга бир топ тез реакция кылууга туура келет”, — дейт долбоордун жетекчиси Вячеслав Гончаров.