Cорос-Кыргызстан»  Фонду Укуктук программасынын алкагында «Укук коргоо ишмердигин колдоо» сынагына долбоордук сунуштарды кабыл алууну жарыялайт.

Жарыштын максаты – укук коргоо ишмердигин колдоо аркылуу адам укуктарын жана эрктерин сактоо үстүнөн коомдук көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү болуп саналат.

Долбоорго катышуу үчүн, адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатында ишмердик жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар чакырылат.

Долбоордук сунуштар «Жарандык жана саясий укуктарды коргоо» багыты боюнча кабыл алынат.

Артыкчылык бериле турган темалар:

— аялуу топтордун укуктарын коргоо жана алдыга жылдыруу;
— адам укугун коргоо эл аралык механизмдерин алдыга жылдыруу.

Өтүнүч билдирмесинде көрсөтүлгөн долбоордук ишмердик мурда аныкталган же белгилүү көйгөйдү чечүүгө багытталышы керек. Адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү долбоордук сунуштун негизги эмес, бир бөлүгү гана болушу мүмкүн.

Жалаң гана билим берүү же агартуу мүнөздөгү демилгелер каралбайт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

  • Долбоордук сунуштар КСФ бекиткен гранттык өтүнүч билдирмесинин үлгүсүнө ылайык басылма жана электрондук түрдө түзүлүүгө тийиш;
  • Өтүнүч билдирмелер кыргыз же орус тилинде күндө, дем алыш жана майрам күндөрдөн тышкары, 2011-жылдын 4-мартына чейин, саат 17:00 чейин кабыл алынат.

—        Билдирүүчү уюм өтүнүч билдирменин электрондук түрүн жана сканерлеп көчүрүлгөн коштоочу документтерди applications@soros.kg электрондук почта дарегине жибере алат;

—        Талап кылынган документтердин жазуу түрүндөгү толук топтомун билдирүүчү уюм СКФ кеңсесине түздөн-түз тапшырууга же, атаандаштык жарыштын аталышын көрсөтүп, почта аркылуу 720040, Бишкек ш., Логвиненко көчөсү, 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду дарегине жөнөтүүгө тийиш;

— Өтүнүч билдирмелер жарыш аяктагандан тартып бир жарым ай бою каралат.

Жарым-жартылай түзүлгөн өтүнүч билдирмелер карап чыгууга кабыл алынбайт!

Гранттын эң чоң көлөмү 10000 АКШ доллары өлчөмүндө чектелет.

Өтүнүч билдирмелер боюнча ой-пикирлер айтылбайт жана алар кайтарылып берилбейт!

Өтүнүч билдирменин үлгүсүн жана кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча алууга болот:

«Сорос-Кыргызстан» Фонду
720040, Бишкек ш., .Логвиненко көчөсү, 55-а
тел. (996-312) 66-34-75, 62-26-55
факс (996-312) 66-34-48

Байланыштагы кызматкер:  Укуктук программанын администратору Эмил Көңүлкулов, электрондук почта дареги: emil@soros.kg

Өтүнүч билдирменин электрондук үлгүсүн www.soros.kg Интернет-сайтынан көчүрүп алсаңыз болот

«Кыргызстан-Сорос» Фондунун ырасмий Интернет-сайты — www.soros.kg