Бүтүндөй өлкө аймагы уккан, анан да акчалай сыйлык коюлган, жаштардын социалдык РАДИО‑ долбооруна идея сунуштаган автор болгуң келеби?
Анда «Өзүңдүн жаштар үчүн РАДИО-долбооруңду сунушта!» сынагына катыш. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосу» жана «Сорос -Кыргызстан» Фондунун (СКФ) жаштар программасы так сен үчүн сынак жарыялады.
1. Максаты жана милдеттери:
Сынактын максаты: Кыргыз тилинде жаштарга арналган социалдык радио уктурууларды даярдоо менен Кыргызстан жаштарынын баалуулуктарга баамдуулугун калыптандыруу.
Милдеттери:
— Чыгармачылык ой жүгүртүүсү, талдоо мүмкүнчүлүгү менен суурулуп чыккан жаштарга шарт түзүү;
— Коомдун өнүгүү процессине катышууга умтулган жаштарга дем берүү.
2. Катышуучулар:
Курагы 14төн 28 жашка чейинки Кыргызстан жарандары.
3. Катышуу үчүн өтүнмө берүү тартиби:
— Толтурулган өтүнмөнү 2011‑жылдын 28‑ мартына чейин жөнөтүү зарыл;
— Өтүнмөнү youthtvproject@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек;
— Өтүнмөнү кыргыз жана орус тилдеринде берсе болот.
4. Жыйынтык чыгаруу тартиби:
Өтүнмөнү кабыл алуу аяктагандан кийин жыйынтыкты, КТРКнын «Биринчи радиосу» жана СКФнын жаштар программасынын эксперттери чыгарат.
5. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо төмөндөгү чен өлчөмдөр боюнча өтөт:
— Радио–долбоордун идеясы сынактын максаттарына жооп берген учурда;
— Радио–долбоордун социалдык жактан маанилүүлүгү;
— Радио–долбоордогу идеянын заманбап жаңычыл, өзгөчө, кайталангыс табылгалары;
— Радио–долбоордогу идеяны Кыргызстандын шартында ишке ашырууга мүмкүн болсо.
- 6. Жеңүүчүлүөрдү сыйлоо:
Сынактын алкагында 3 жеңүүчү аныкталат. Жеңип чыккандар акчалай сыйлык алышат.
- I ‑ орун – 300$
- II ‑ орун – 200$
- III ‑ орун – 100$
Акчалай сыйлыктардан салык төлөө жеңүүчүлөрдүн эсебинен болот.
Уюштуруучулар калган катышуучулар үчүн да кошумча сыйлыктарды ыйгаруу укугуна ээ.
7. Жеңүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери:
- Радио–долбоор ишке ашып, обого чыккан учурда, жеңип чыккан идеянын авторунун аты эфирде айтылышы шарт.
- Жеңүүчү болгон автор акчалай сыйлыкты алгандан тартып, радио–долбоордун идеясын сынактын демөөрчүлөрүнө өткөрүп берет.
Бардык суроолор боюнча (312) 66 34 75 (104 ички) телефонуна кайрылып же youthtvproject@gmail.com дарегине кат жолдо!