Бүтүндөй өлкө аймагы  уккан, анан да акчалай сыйлык коюлган,  жаштардын социалдык РАДИО‑ долбооруна идея сунуштаган автор болгуң келеби?

Анда «Өзүңдүн жаштар үчүн РАДИО-долбооруңду сунушта!» сынагына катыш. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосу» жана «Сорос -Кыргызстан» Фондунун (СКФ) жаштар программасы так сен үчүн сынак жарыялады.

1. Максаты жана милдеттери:

Сынактын максаты: Кыргыз тилинде жаштарга арналган социалдык радио уктурууларды даярдоо менен Кыргызстан жаштарынын баалуулуктарга баамдуулугун калыптандыруу.

Милдеттери:

—        Чыгармачылык ой жүгүртүүсү, талдоо мүмкүнчүлүгү менен суурулуп чыккан  жаштарга шарт түзүү;

—        Коомдун өнүгүү процессине катышууга умтулган  жаштарга дем берүү.

2. Катышуучулар:

Курагы 14төн 28 жашка чейинки  Кыргызстан  жарандары.

3. Катышуу үчүн өтүнмө берүү тартиби:

—        Толтурулган өтүнмөнү 2011‑жылдын  28‑ мартына чейин жөнөтүү зарыл;

—        Өтүнмөнү youthtvproject@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек;

—        Өтүнмөнү кыргыз жана орус тилдеринде берсе болот.

4. Жыйынтык чыгаруу  тартиби:

Өтүнмөнү кабыл алуу аяктагандан кийин жыйынтыкты, КТРКнын «Биринчи радиосу» жана  СКФнын жаштар программасынын эксперттери чыгарат.

5. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо төмөндөгү чен өлчөмдөр боюнча өтөт:

—        Радио–долбоордун идеясы сынактын максаттарына жооп берген учурда;

—        Радио–долбоордун социалдык жактан маанилүүлүгү;

—        Радио–долбоордогу идеянын заманбап жаңычыл, өзгөчө, кайталангыс табылгалары;

—        Радио–долбоордогу идеяны  Кыргызстандын шартында ишке ашырууга мүмкүн болсо.

  1. 6. Жеңүүчүлүөрдү сыйлоо:

Сынактын алкагында 3 жеңүүчү аныкталат. Жеңип чыккандар акчалай сыйлык алышат.

  • I ‑ орун – 300$
  • II ‑ орун – 200$
  • III ‑ орун – 100$

Акчалай сыйлыктардан салык төлөө жеңүүчүлөрдүн эсебинен болот.

Уюштуруучулар калган катышуучулар үчүн да кошумча сыйлыктарды ыйгаруу укугуна ээ.

7. Жеңүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери:

  • Радио–долбоор ишке ашып, обого чыккан учурда, жеңип чыккан идеянын авторунун аты эфирде айтылышы шарт.
  • Жеңүүчү болгон автор акчалай сыйлыкты алгандан тартып, радио–долбоордун идеясын сынактын демөөрчүлөрүнө өткөрүп берет.

Бардык суроолор боюнча (312) 66 34 75 (104 ички) телефонуна  кайрылып же youthtvproject@gmail.com дарегине кат жолдо!