«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалымат программасы Кыргыз Республикасынын жарандары арасында “Кыргызстанда Википедия жумалыгы” сынагына жана кийинки практикалык тренингдерге катышууга сынактык тандоолорду кабыл ала баштагандыгы тууралуу жарыялайт.

Сынактын максаты – виртуалдык Wikipedia энциклопедиясына макала жазган жаштарга жана илимий топторго колдоо көрсөтүү аркылуу бул энциклопедияны Кыргызстанда өркүндөтүү жана кеңири жайылтуу.

Сынакка виртуалдык энциклопедияны Кыргызстан тууралуу пайдалуу маалыматтар менен толуктоону каалаган жарандык сектордун жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле, маалымат технологияларын kg мейкиндигинде өнүктүргөн жана жакшырткан web сайттарды түзүүчүлөр катыша алышат.

Тандоодон өткөн бардык катышуучулар тренингге катышууга мүмкүндүк алат. Европадан Википедиядан келген эксперт тренер катары чакырылган. Презентация жана тренинг 2011 – жылы 28-30 – мартта Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Универстетинин Эл Аралык Билим Берүү Программаларын Интеграциялоо Институтунун Компьютер Технологиялар жана Интернет Факультетинин (КАФ) колдоосу менен өткөрүлөт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жолдору:

* Долбоордук сунуштар жазуу жана электрондук түрдө даярдалышы зарыл;

* «Википедия тууралуу эмнелерди билем жана аны кантип пайдалана алам?» деген темада эссе жазуу жана сунуш берген адамдын резюмеси;

* Сунуштар кыргыз, орус жана англис тилдеринде, дем алуу жана майрам күндөрүн эске албаганда, ар күн сайын 2001 – жыл 20 – март, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Сынакка талап кылынган документтердин тобун жазуу түрүндө «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеңсесине алып келип берүүгө же сынактын атын көрсөтүү менен төмөндөгү почта дареги боюнча салып жиберүүгө болот: 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду же wikiweek.kg@gmail.com электрондук дарек аркылуу жиберүүгө болот.

* Сунуштар «Сорос –Кыргызстан» Фондунун Маалымат программасынын Эксперттик Коммиссиясы тарабынан 5 жумушчу күн аралыганда каралып, тандалып алынган катышуучуларга дароо билдирүү жиберилет.

* Бишкекке жетүүдөгү транспорттук жана жатаканага кеткен чыгымдар каралбайт.

Бардык суроолор боюнча төмөндөгү телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (+996) 312 66 34 75 ички номер 133 же 140.

«СоросКыргызстан» Фондунун Маалымат программасы Кыргыз Республикасынын жарандары арасындаКыргызстанда Википедия жумалыгысынагына жана кийинки практикалык тренингдерге катышууга сынактык тандоолорду кабыл ала баштагандыгы тууралуу жарыялайт.

Сынактын максаты – виртуалдык Wikipedia энциклопедиясына макала жазган жаштарга жана илимий топторго колдоо көрсөтүү аркылуу бул энциклопедияны Кыргызстанда өркүндөтүү жана кеңири жайылтуу.

Сынакка виртуалдык энциклопедияны Кыргызстан тууралуу пайдалуу маалыматтар менен толуктоону каалаган жарандык сектордун жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле, маалымат технологияларын kg мейкиндигинде өнүктүргөн жана жакшырткан web сайттарды түзүүчүлөр катыша алышат.

Тандоодон өткөн бардык катышуучулар тренингге катышууга мүмкүндүк алат. Европадан Википедиядан келген эксперт тренер катары чакырылган. Презентация жана тренинг 2011 – жылы 28-30 – мартта Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Универстетинин Эл Аралык Билим Берүү Программаларын Интеграциялоо Институтунун Компьютер Технологиялар жана Интернет Факультетинин (КАФ) колдоосу менен өткөрүлөт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жолдору:

  • Долбоордук сунуштар жазуу жана электрондук түрдө даярдалышы зарыл;
  • «Википедия тууралуу эмнелерди билем жана аны кантип пайдалана алам?»  деген темада эссе жазуу жана сунуш берген адамдын резюмеси;
  • Сунуштар кыргыз, орус жана англис тилдеринде, дем алуу жана майрам күндөрүн эске албаганда, ар күн сайын 2001 – жыл 20 – март, саат 17:00гө чейин  кабыл алынат.

Сынакка талап кылынган документтердин тобун жазуу түрүндө «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеңсесине алып келип берүүгө же сынактын атын көрсөтүү менен төмөндөгү почта дареги боюнча салып жиберүүгө болот: 720040,  Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду же wikiweek.kg@gmail.com электрондук дарек аркылуу жиберүүгө болот.

  • Сунуштар «Сорос –Кыргызстан»  Фондунун Маалымат программасынын Эксперттик Коммиссиясы тарабынан 5 жумушчу күн аралыганда каралып, тандалып алынган катышуучуларга дароо билдирүү жиберилет.
  • Бишкекке жетүүдөгү транспорттук жана жатаканага кеткен чыгымдар каралбайт.