Байге фонду 10 миң долларды түзгөн сынактын жеңүүчүлөрү аталды. Сынакка 257 материал түштү. Уюштуруучулар аталган сынакты Экономикалык журналистика боюнча улуттук сыйлыкты негиздөөнүн алгачкы кадамы катары баалоодо.

Комиссия мүчөлөрү сынакка өтө көп материалдар түшкөнүн, бул 300гө жакын материалдар бюджеттик маалыматты жоромолдоонун практикалык мисалдары үчүн ири базаны түзгөнүн белгилешет. Жалпысынан калыстар тобунун жакшы баасына татыган, гезит беттеринде, маалымат агенттиктердин жана интернет басылмалардын сайттарында жарыяланган макалалар төмөнкүлөрдү көрсөттү: экономиканын кайсы бир тармагынын бюджетин түзүү жана аткарууда пайда болгон маселелер, темаларды ачуу үчүн ар түрдүү адистерге кайрылып, бир нече пикирлерди чагылдырган журналисттердин иштери өзгөчө баалуу болгон.

Сынактын уюштуруучуларынын бири, Кыргыз Биржа Фондунун маалымат клубунун коомдук президенти Надежда Добрецова белгилегендей, бул сынак экономикалык журналистиканын профессионалдык тармагын өнүктүрүүдө жаңы ыкмаларды түзүүнүн алгачкы кадамы болмокчу. “Биз сынакты ММК өкүлдөрүнө кандайдыр бир өзүнчө темаларга макала жазууга түрткү берүү үчүн гана уюштурган жокпуз. Биз журналисттер менен алардын эмгектерине коом тарабынан баа берилиши, материалдык эмес шыктандыруу жана бул кесиптин аброюн арттыруунун аспектилерин бир нече жолу талкуулап, Экономикалык журналистика тармагында улуттук премия түзүү зарылчылыгы чыкканын түшүндүк. Бул сынак, мындан тышкары бизнестин социалдык жоопкерчилиги боюнча “Кумтөр” компаниясы уюштурган сынак жана башка таймаштар экономикалык журналисттер чөйрөсүндө мына ушундай абройлуу, моралдык жана материалдык жактан маанилүү, акыйкат жана шыктандыруучу премия керек болгонун көрсөттү. Биздин өлкөдө ушундай премиянын түзүлүшү үчүн бардык аракетти жасайбыз”,-деди Добрецова. Сынак “Кыргызстан-Сорос” фондунун “Кыргызстандын жарандык коомчулук уюмдарынын колдоосу менен бюджет айкындыгын жана отчеттуулугун көтөрүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Биржа Фондунун маалымат клубу тарабынан уюштурулду.

Сынакты айкын, акыйкат жана профессионалдык деңгээлде уюштуруу максатында “ММК үчүн уюштурулган “Бюджет – бул жарандардын акчасы” аттуу улуттук сынак тууралуу” деп аталган жобо иштелип чыккан жана таратылган. Ага сынактын тематикасы, шарттары жана байгелери гана камтылбастан, ошондой эле сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечим кабыл алуу процедурасы да көрсөтүлгөн (http://press.kse.kg сайтын караңыз).

Сынак 2010-жылдын октябрь айында жарыяланган. Сынакка катыша турган бардык макалалар 2010-жылдын 1-сентябрынан тарта 2011-жылдын 5-февралына чейинки аралыкта жарыяланышы керек болчу.

Сынакка рекорддук көлөмдөгү (257) макала келди. Белгилей кетчү жагдай, сынакка кыргыз тилдүү ММКнын («Жарандар үчүн кыргыз тилинде бюджет» аттуу атайын номинация) жана сыналгы каналдардын өкүлдөрү активдүү катышты.

Курамына Кыргызпатенттин маалымат кызматынын жетекчиси жана көз карандысыз журналист Людмила Павлович, «Айкын бюджет үчүн альянс» КЮЖнын аткаруучу директору Роза Гайбулина, Кыргызстан Каржы министрлигинин бюджеттер аралык башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурланбек Раханов, «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Бюджет айкындуулугу жана отчеттуулугу» программасынын администратору Сырга Исабаева, Жеке Инвесторлор клубунун төрайымы Нелли Симонова жана Кыргыз Биржа фондунун маалымат клубунун директору жана КФБнын президенти Айбек Толубаев кирген сынактык комиссия аты-жөнү коддолгон авторлордон түшкөн бардык материалдарды карап чыгып, алардын көлөмүн, актуалдуулугун, темага кабардар болуусун, анализдөөсүн, серепчилердин баалуусун, материалдын жөнөкөйлүлүүгүн жана жеткиликтүүлүгүн эске алышып, жыйынтык чыгарышты.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи жана сынакта мыкты деп табылган материалдардын бет ачары 2011-жылдын 25-мартында өтөт. Азем өтчү жай жана анын убактысы кошмча маалымдалат.

Сынактын деталдуу жыйынтыктары жана алардын таблица түрүндөгү маалыматын http://press.kse.kg сайтынан таба аласыздар.

Кыргызская Республика, 720010, г. Бишкек,

ул. Московская, 172.

Тел. (312) 311484

Факс: (312) 311483

Сот. (777) 777990

http://press.kse.kg

nadya.dobretsova@gmail.com pressclub@kse.kg

Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш. 720010,

Москва коч, 172

Тел: 312 311484

Факс: (312) 311483

Уюлдук: (777) 777990