28-марттан тарта “Сорос-Кыргызстан” корунун колдоосу менен Уикипедия интернет энциклопедиясынын жумалыгы башталды. Иш-чаранын максаты — виртуалдык энциклопедияны кеңири жайылтуу менен Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын интеллектуалдык дараметин көтөрүү.

Кыргызстанда интернет пайдалануучулардын саны арбын экени айтылат. Бирок «Сорос- Кыргызстан» кору жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, Кыргызстандагы интернет пайдалануучулардын интеллектуалдык дарамети, деңгээли коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн. Ошондон улам «Сорос-Кыргызстан» корунун колдоосу менен өлкөдөгү беш жогорку окуу жайдын студенттери жана окутуучулары үчүн Уикипедия тууралуу лекция окулуп, аталган интернет энциклопедиясына маалымат жазуу боюнча практикалык окуулар өткөрүлө баштады.

«Сорос-Кыргызстан» корунун Маалымат программасынын тескөөчүсү Марат Жаанбаев буларды айтты:

Бизде интернет пайдалануучулар арбын. Бирок алардын көбү кат алмашуу же ар кандай эс алуу материалдарын окуу менен чектеле тургандыгы биздин изилдөөлөрдөн улам анык болду. Анан биз атайын демилге менен Уикипедияны жайылтуу маселесин колго алдык. Уикипедия — бекер, ыкчам ресурс. Дүйнөдөгү жаштар да өтө көп пайдаланат. Ошол себептүү кыргыз тилдүү колдонуучуларды тартуу максатында, Уикипедияга кыргыз тилинде эң көп макала жазгандардын бири, “Азаттык” үналгысынын веб-редактору Тынчтыкбек Чоротегинди атайын чакырып, ЖОЖдо Уикипедия тууралуу лекция окуп берүүсүн өтүндүк.

Тынчтыкбек Чоротегин:

Бул өзгөчө жаштар үчүн керек. Бирок ошол эле кезде интернетти өнүктүрүшүбүз зарыл. Уикипедия интернет энциклопедиясы салттык энциклопедиядан айырмаланып мультимедиялык деңгээлдеги ар тараптуу орток казына. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, кыргызча Уикипедияны ар тараптуу өнүктүрүүгө салым кошуубуз зарыл.

Бүгүнкү күнү бардык эле жогорку окуу жайлардагы студенттер менен окутуучулар интернетти эркин пайдалана алышпайт. Бирок жумалыктын чегинде “Сорос-Кыргызстан” кору өлкөдөгү беш окуу жайга акысыз интернет орнотууну пландап жатат. Бир жыл бою интернетти акысыз пайдалануу менен студенттер жана окутуучулар Уикипедия тууралуу кеңири маалымат алып, андагы кыргыз тилиндеги макалалардын санын арттырууга мүмкүнчүлүк болот.

Уикипедия энциклопедиясынын Кыргызстанда кеңири жайылтуу иши боюнча жыл аягында жыйынтык чыгарылат.

Уикипедия сайты 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн.

Ушул тапта Уикипедиянын казынасында бардык тилдерди кошкондо 15 миллиондой макала бар.

Уикипедия сайты атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу түзүлгөн “Викимедиа” фонду тарабынан каржыланат.

28.03.2011

Жазгүл Жамангулова

http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_education_wikipedia/3539016.html