Сегиз кишиден турган Кыргыз делегациясы Кыргызстандагы телерадио берүү кызматын жакөнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууга Литванын Вильнюс шаарына карай сапарга аттанды.  Бул иш-чараны «Сорос-Кыргызстан» фонду жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Борбору колдоду.

Тажрыйба сапарда бараткандар – Жогорку Кенештин мүчөлүрү, Коомдук Телераио Корпорациянын (КТРК) башкаруу өкүлдөрү жана Коомдук Теленин Байкоо Кеңешинин мүчөлөрү, жана ЕККУнун өкүлү.  Бул Вильнюстагы үч күндүк жумуш 11-майга чейин созулат;  Бул аралыкта топ Коомдук берүү боюнча үч негизги түшүнүктүн айланасында тажрыйба алмашат – саясий көз карандылык, финансылык көз карандылык, жана редакциялык саясаттын көз карандысыздыгы. Ага кошумча, тараптар Кыргызстандагы Коомдук берүү боюнча мыйзам  долбоорду, теленин сан-арипке өтүү даярдыгын, жана Байкоо Кеңешини ролун талкуулашат.

Элчи Эндрю Тесорьер, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, мындай деди: “Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп мамлектеттик теледен коомдук берүү системасына өтүп, эл аралык стандарттарга кеңири кошулду. Бул Литвага болгон сапар  Литванын быйылкы жылкы ЕККУга  төрагалыгына дал келет экен. Кийинки сапар – Грузияга болгон Кыргыз делегациясы болот. Бул иш-аракет өзүнүн коомдук берүү кызматын  өздөштүрүүдө, барып келген өлкөлөрдүн тажрыйбаларын  өзүнүн жагдай муктаждытарына карата айкалыштырууга шарт түзөт”.

“Мамлекеттиктен коомдук телеберүүгө өтүү – демократиялык ачык коом курууда маанилүү этаптардын бири. Бүгүн биз бардык кызыктар тараптар кызматташууга ачык, реформаларга даяр болгон жана башка өлкөлөрдүн он тажрыйбаларын колдонууну каалаган тарыхый  учурдун күбөсү болуудабыз. Бул жараян тоскоолдуктарга дуушар болбойт деген үмүттөбүз,» — дейт Сорос- Кыргызстан Фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов.

Так ушундай эле сапар Грузияга да 16-19 майда болуп өтөт; анда да Жогорку Кеңештин, КТРК жана Байкоо Кеңештин башка мүчөлөрү катышат. Окуу сапардан соң, Кыргыз делегациясы алдыдагы кыймыл планын иштеп чыгып, анадн сырткары, Коомдук берүү жөнүндө брифинг жана теле радио программа өткөрүшөт.

Кыргызтандын Коомдук Телераидосу, мурдагы Кыргызстандын Улуттук Телерадиосу, азыркы коомдук статусун 2020-жылдын 30-апрелинде Убактылуу Өкмөттүн декрети менен негизделген. Бул иш-аракет ЕККУ борборунун “Эркин Коомдук Берүүнү Колдоо” деген долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.