«Сорос-Кыргызстан» Фонду (СКФ) «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» программасынын алкагында Кыргызстандын улуттук көп түрдүүлүгү, ар кандай жамааттардын биргелешип ийгиликтүү өз ара жашоосунун тарыхы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган улуттардын жана калктардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы жөнүндө басылмаларда темалык беттерди басып чыгаруу, телекөрсөтүүлөрдү жана радиоберүүлөрдү даярдоо боюнча Кыргыз Республикасындагы ММК арасында атаандаштык сынак жарыялайт.

Сынакка катышуу үчүн, жарыялана турган материалдардын (телекөрсөтүүлөрдүн жана радиоберүүлөрдүн алдын ала сценарийлери, басылмалардагы темалык беттердин концепциялары) моделинин жана форматынын баяндамасы камтылган, улуттар аралык жана маданий өз ара байланыштар темалары боюнча тең салмакталган материалдарды жарыялоонун мурдагы тажрыйбасы, ошондой эле аталган темаларды туруктуу чагылдыруунун жол-жоболору  көрсөтүлгөн өтүнүч билдирмеси сунуш кылынууга тийиш.

Долбоордук сунуштар СКФ бекиткен операциялык өтүнүч билдирмесинин үлгүсүнө ылайык түзүлүүгө жана «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» программасы үчүн» деген эскертүүсү менен басылма жана электрондук түрдө 2011-жылдын 3-июндун 17.00-саатына чейин көрсөтүлүүгө тийиш. Өтүнүч билдирменин үлгүсүн www.soros.kg СКФ Интернет-сайтынан көчүрүп алсаңыз болот.

Сынактын жыйынтыгына ылайык, анын жеңүүчүлөрү менен тапшырылган темалар боюнча жарыялана турган материалдарды даярдоону көздөгөн келишимдер түзүлөт.

Талапкерлерди тандоонун жүрүшүндө өлкөнүн чөлкөмдөрүндөгү ММК, жамааттык радиого, ошондой эле эки жана андан көп тилдерде маалымат тараткан массалык маалымат каражаттарына артыкчылык берилет.

Сынак аркылуу тандалган ММК редакторлору жана журналисттери улуттар аралык темаларга арналган атайын репортаждарды даярдоо боюнча окутуудан өтүшөт.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:

Толтурулган өтүнүч билдирмени жана аны коштогон документтерди билдирүүчү уюм:

  • СКФ кеңсесине тапшыра алат же чапталган конвертте, долбоордун аталышын көрсөтүп жана «Массалык маалымдоо каражаттарын колдоо» программасы үчүн» деген эскертүүсү менен, почта аркылуу: 720040, Бишкек ш., Я.Логвиненко көчөсү, 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду дарегине жөнөтө алат;
  • өтүнүч билдирменин электрондук түрүн жана сканерлеп көчүрүлгөн коштоочу документтерди ekarakulova@soros.kg электрондук почта дарегине жибере алат;
  • өтүнүч билдирмелер кыргыз жана орус тилдеринде күндө, дем алыш жана майрам күндөрдөн тышкары, 09.00-17.00 сааттар аралыгында (13.00 сааттан 14.00 саатка чейин түшкү тыныгуу), 2011-жылдын 3-июну камтылган мөөнөттө кабыл алынат

Өтүнүч билдирмеде көрсөтүлгөн каржылоо $ 10 000 (он миң) АКШ доллар көлөмүндө чектелет.

Документтердин толук эмес жыйнагы, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн өтүнүч билдирмелер каттоого кабыл алынбайт жана каралбайт.

Кабыл алынган өтүнүч билдирмелер боюнча ой-пикирлер айтылбайт жана алар кайтарылып берилбейт.

Байланыштагы кызматкер: «Массалык маалымдоо каражаттарын колдоо» программасынын директору Элина Каракулова, электрондук почта дареги: ekarakulova@soros.kg