2011-жылдын 27-майдан 29-майга чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айылында SICamp 2011 биринчи борбордук-азиялык социалдык инновациялардын лагери өткөрүлүп, жыйынтыктары чыгарылды. Лагерь Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ар түрдүү чөйрөлөрүнүн 80ден ашык адистерин чогултту.

SICampтын максаты – адамдарды, идеяларды жана программалык продуктыдан web-багытталган социалдык инновацияларды түзүү үчүн санарип куралдарды бириктирүү. SICamp эл аралык TOL (Transitions On-Line) жана UNDEF уюмунун, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Маалымат программасынын каржылык колдоосунда “Интернет кыймыл” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. SICampтын өнөктөштөрү болуп sicamp.org, Internews, Hoster.kg, Sun People чыгышты.

Биринчи күнү финалга өткөн катышуучулар өздөрүнүн идеяларын айтышты. Андан кийин лагердин убагында түзүлгөн команда жана адистер менен бирге эки күн ичинде долбоордун үстүндө толук иштешти. Аягында 8 команданын долбоорлорунун бетачары өттү: “Өспүрүм рэкети”, “Жакшылык тартуула”, “Здорово”, “Эламан” коомдук порталы”, “Recycle” (Таштандыны кайра иштетүү), “”Синтез” коомдук интернет-радио”, “СМС келсин”, “Укук коргоочу интернет-портал”.

Биринчи орунду, 1500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты жана 1 жылга сайттын хостингин Тажикстандык Зебинессо Тажибаеванын “Жакшылык тартуула” идеясы алды. Анын долбоорунун идеясы жардам бергиси келип тургандар жана жардамга муктаждар үчүн сайт ачуу менен байланышкан.

Экинчи байгелүү орунду 1300 АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты жана 1 жылга сайттын хостингин Кыргызстандан Азим Казакбаевдын өспүрүм рэкетирлер менен күрөшүү үчүн “Рэкет жок!” сайтын түзүү боюнча идеясы алды. “Биз балдардын достошушун жана дайыма бирге болуусун каалайбыз!”, – дешет бул долбоордун авторлору.

Иса Ибрагимов «Recycle» (Таштандыны кайра иштетүү) долбоорунун алкагында балдар үчүн “Жаңы оюнчукту каалайсыңбы – сортто!” анимациялык фильми менен 200 АКШ доллары өлчөмүндөгү атайын байгени утуп алды.

Бир жылга сайттын хостингин Джафар Асимовдун эпидемия жөнүндө калктын маалыматтуу болушун жогорулатууга жана оорулар арасында маалымат алышууга, дени сак жашоо образын үгүттөөгө багытталган “Здорово” долбоору алды.

“Интернет-саясат жарандык демилгелери” КФсы “СМС келсин” долбооруна 1000 АКШ доллары жана “Жакшылык тартуула” долбоорунун кыргызстандык командасына 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай байге уюштурду.

Кыргызстандан Рахат Сабырбековдун “СМС кетсин” долбоорунун аталышы лагердин иш процессинде “СМС келсин” деп өзгөртүлдү. Анын негизинде калк мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоонун чыныгы куралын, ал эми мамлекеттик органдар өзүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга ишарат ала турган сайтты түзүү камтылган. Ар түрдүү тармактын көйгөйлөрү жөнүндө маалымат смс аркылуу мүмкүн болот.

“Бул чыныгы SICamp болду, анткени ар ким өзүнүн кызыкчылыгын көрсөтүп, процесске тартылды. Мүмкүн, бул долбоор идеалдуу деле эместир, бирок бул мааниге ээ эмес. Лагердин ар бир долбоору реалдуу турмушта колдонулса жакшы болмок. Турмуш өзү тараза. Бул долбоорлордун кайсынысы коомго өзгөрүү киргизерин эч ким айта албайт. Бирден-бир ыкма – аны турмушта текшерип, иштетүүгө аракет жасоо. Бул технологиялардын бардыгы биздин колубузда, аларды пайдалануу жана өзгөрүүгө аракет жасоо гана керек. Биз лагердин жыйынтыгынан чоң канааттануу алдык. Ушул долбоорлор Интернетке чыгарын каалайт элек. Балким, алар социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө башка адамдарды дагы шыктандыраар”, – деп айтты SICAMP.orgдун уюштуруучусу жана директору Ден Макуиллан.

Сынактын калыстар тобуна SICAMP.orgдун уюштуруучусу жана директору Ден Макуиллан, People in Need’s долбоорунун координатору Ивана Скалова, TOLдун экспертттери Алексей Лавончик, Иван Правдин, Лариса Балановская, “Интернет-саясат  жарандык демилгелери” КФсынын директору Татту Мамбеталиева, Internewsтун программалык директору Адель Лаишева, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун маалымат программасынын координатору Лира Самыкбаева киришти.