Сиз өзүңүз жашаган шаарда же өлкөдө жашоо шартын жакшыртуу үчүн социалдык көйгөйлөр менен бөлүшүүнү каалайсызбы? Сиз документалдык фильм, репортаж же социалдык ролик аркылуу мектептеги гезитти чыгарууну кайрадан калыбына келтирүүнү же экология, мектептеги рекэтчилик, коррупция, балдардын эмгеги, жумушсуздук жана башка социалдык маселелер боюнча темаларга көңүл бурдурууну каалайсызбы?

«Сорос-Кыргызстан» Фонду «ММКды колдоо»программасынын алкагында «Мен өлкөнү жакшыртам» сынагына долбоордук сунуштарды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт. Сынакка ӨЭУдар, мектептер, жогорку окуу жайлар, жаштар жана студенттик бирикмелер, продакшн студиялар жана продюсердик борборлор катыша алышат.

Долбоордук сунуштар өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдардан кабыл алынат (КБ, КФ, юридикалык жактардын биримдиги, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору).

Сынактын максаттары:

  • Материалдарды чыгарууну көз карандысыз жана альтернативалык булактар менен кеңейтүү
  • Ар түрдүү деңгээлдеги социалдык багыттагы медиа долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана аларды өнүктүрүү
  • Жогорку окуу жайлардын жана мектептердин потенциалдарын жогорулатуу
  • Өкмөттүк эмес сектордун жана ММКнын өз ара иш алып барууларын чыңдоо

Долбоор ишке ашырылуучу аймак: Кыргыз Республикасы

Долбоорлордун артыкчылыктуу багыттары:

— социалдык — коомдук тематика

— студенттик жана мектеп ММКтары;

Долбоорлордо өзгөчө көңүл төмөндөгүлөргө бурулат:

кызматташтыкта ишке ашырылат (мисалы, демилгелүү топ жана ӨЭУ, ӨЭУ жана ММК);

— жаңы технологиялар колдонулат (подкаст, социалдык тармактар, ж.б.)

Эскертүү:

Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта долбоордук сунуштар гана кабыл алынат (долбоордун жалпы концепциясы). Долбоордук сунуштун формасын бул жерден алууга болот.

Экинчи этапта тандалып алынган гана долбоордук сунуштардын документтеринин толук жыйындысын, толук бюджетти жана кеңири баяндалган долбоорду тапшыруу боюнча кайрылуу жиберилет.

Сунуштарды берүү мөөнөтү жана гранттардын өлчөмү

Сунуштарды жиберүүнүн акыркы мөөнөтү — 2011-жыл 24-июнга чейин (Бишкек убактысы боюнча саат 17.00). Бул мөөнөттөн кечигип тапшырылган сунуштар каралбайт.

Гранттын максималдуу суммасы — $ 10 000.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо процедуралары:

  • Долбоордук сунуштар ФСКнын гранттык сунуш формасына ылайык түзүлүшү зарыл жана принтерден басылып чыгарылган жана электрондук түрдө берилиши керек.
  • Сунуш берип жаткан уюм толук толтурулган сунуштарды төмөндөгү жол менен тапшыра алат:

— конверттин сыртына долбоордун атын көрсөтүү менен ФСКнын кеңсесине «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «ММКды колдоо» программасына, «Мен өлкөнү жакшыртам» сынагына деген билдирүүнү жазып, почта аркылуу төмөндөгү дарек боюнча салып жиберүүгө болот: 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55-а, «Сорос-Кыргызстан» Фонду

— же толтурулган сунуштун электрондук формасын «ММКды колдоо» программасына, «Мен өлкөнү жакшыртам» сынагына деген билдирүү менен applications@soros.kg электрондук дарегине салып жиберсе болот.

  • Сунуштар ар күнү, дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары, кыргыз жана орус тилдеринде 2011-ж. 24-июнь (кошо камтылат) саат 9.00дөн 17:00гө (тыныгуу убактысы 13:00 – 14:00) чейин кабыл алынат.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар каттоодон өткөрүлбөйт жана каралбайт.

Сынакка берилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

Долбоордук сунуштун формасын бул жерден алууга болот.

Байланышуучу адам: Элина Каракулова, «ММК Колдоо» программасынын директору — ekarakulova@soros.kg