2011-жылдын 13-июнунда жана 14-июнунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында Ачык Коом Фондунун (АКФ) жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун укуктук программасы тарабынан уюштурулган “Борбордук Азиянын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо: көйгөйлөр жана перспективалар” деген аталышта эмгек мигранттарынын маселелери боюнча эл аралык конференция өткөрүлөт.

Борбордук Азиянын эмгек мигранттарынын укуктук көйгөйлөрүн талкуулоого мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ӨЭУлардын өкүлдөрү катышат. Иш-чарага дагы Соростун тармактык фонддорунун Тажикстандагы, Армениядагы, Азербайжандагы, Венгриядагы, АКШдагы өкүлдөрү чакырылган.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Алмазбек Абытов жана Ачык Коом Фондунун директордун орун басары Энтони Рихтер чыгып сүйлөшөт.

Конференциянын биринчи күнү аймактык эмгек миграциясына жана Ачык Коом Фондунун ушул маселелер боюнча глобалдуу контексттеги ишине багышталган. Бул тема боюнча доклад менен Миграциялык саясат институтунун тең уюштуруучусу Кэтлин Ньюленд чыгып сүйлөйт. Ошондой эле катышуучулар Борбордук Азиядагы кырдаалдарды, анын ичинде эмгек мигранттары туш болгон факторлорду, эмгек мигранттары жолго чыкканда жолуккан көйгөйлөрдү, эмгек миграциясы боюнча өкмөттөрдүн жасаган иштерин талкуулашат.

“Эмгек миграциясынын перспективалары” сессиясында эксперттер Россияда Борбордук Азиянын мигранттары жолуккан көйгөйлөргө, анын ичинде транзитте же келүүдө жергиликтүү органдар жана жумуш берүүчүлөр менен болгон көйгөйлөргө, интеграциялоого жана сот адилеттигине байланышкан суроолорго жооп беришет.

Конференциянын экинчи күнү аймактарда эмгек миграциясынын жаатында Ачык Коом Фондунун иштеринин негизги маселелери: миграцияны башкаруунун эки тараптуу схемалары жана мигранттарды коргоо жаатындагы жаңылыктар каралат.

“Бүгүн бизге жарандык коомдук уюмдар кызыкдар тараптар менен биргеликте эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо максималдуу натыйжалуулукка жетише ала тургандыктарын түшүнүү абдан маанилүү. Конференциянын жыйынтыгы менен биз, бардык тиешелүү түзүмдөрдү координациялоо механизмдерин аныкташыбыз жана бул багытта бирдей стратегияны иштеп чыгып, Ачык Коом Фондунун ишмердүүлгүн приоритеттерине кошушубуз керек”, – дейт “Сорос-Кыргызстан” Фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов.

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун укуктук программасы “Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо” багытында 2008-жылдан бери иштеп келет. Эмгек миграциясынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорго анын өзгөчө ар түрдүү аспектилери тиешелүү: маалыматтуулукту жогорулатуу, укуктук жардам көрсөтүү пункттарын уюштуруу, медиа-продуктыларын түзүү жана мыйзамдарды жакшыртуу. Бул багыттардын алкагында Челябинск, Казань, Москва шаарларындагы эмгек мигранттарын колдоо борборлору ачылган.