2011-жылдын 13-июнунан 19-июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун укуктук программасы тарабынан уюштурулган «Адам Укуктары Мектеби» тренинг-семинары өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандын 6 облусунун 35 жаш лидерлери жана жаш активисттери анын катышуучулары болуп калышты. Бул мектеп «Кыргызстанда укук коргоо кыймылдарын өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы иш-чаралардын серияларынын алдынан өткөрүлүп жатат.

Ушул жылдын апрель айында адам укуктары жөнүндө билүүнү каалаган жаш лидерлердин жана активисттердин арасында «Кыргызстанда укук коргоо кыймылдарын өнүктүрүү» сынагы жарыяланган. Сынактын жыйынтыгы боюнча тапшырылган эссенин негизинде «Адам Укуктары Мектебине» окуудан өтүү үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча 105 катышуучу тандалып алынган.

Долбоордун максаты – жаңы жаш лидерлерди жана активисттерди тартуу аркылуу Кыргызстанда укук коргоо кыймылынын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү жана күчөтүү.

Долбоордун алкагында Россиянын тренерлери адам укуктарынын чөйрөсүндө теориялык жана практикалык тажрыйбаларды үйрөтүшөт, мыйзамдарды, керектүү таратып берүүчү материалдарды беришет.

Мектепте сабак лекция, интерактивдүү көнүгүүлөр, практикалык тапшырмалар, талкуулоолор жана факультативдик сабак түрүндө өткөрүлөт.

Адам укуктарынын концепциясына киришүү программасында укук коргоо кыймылынын тарыхы, укук коргоо практикасында адам укугун коргоонун эл аралык механизмдерин пайдалануу, адам укуктарын коргоонун жана коомдук кызыкчылыктарды коргоонун аракеттери, адам укуктарын бузуулардын мониторинги, заманбап укук коргоочу ӨЭУлардын иштеринин тактикалары бар.

Тренерлер жөнүндө маалымат. Игорь Сажин – Москвадагы Хелсинки Тобунун (МХТ) адам укуктары боюнча тренери. Адам укуктары боюнча МХТнын беш жайкы мектебине тренер катары катышкан. 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин Коми Республикасынын Укук коргоо коалициясынын тең координатору болуп саналат.

Андрей Юров — Эл аралык Жаштардын Укук коргоо Кыймылынын ардактуу президенти (www.yhrm.org), Москвадагы Хелсинки Тобунун консультанты (www.mhg.ru), Европа Советинин Жаштар Секторунун эксперти (www.coe.int), Россия Федерациясында адам укуктары боюнча ыйгарым укуктарынын алдындагы Эксперттик Советтин мүчөсү (www.ombudsman.gov.ru), «Эркин Университеттин» ректору (www.freeun.ynnet.org). Жарандык билим берүүнүн жана жаштарды агартуунун инновациялык методикаларынын автору («Старт» социалдык чыгармачылык мектеби, www.start.ynnet.org). «Адам укуктары», «Коомдук кызыкчылыктарды коргоонун аракеттери», «Тармактарды түзүү», «Заманбап жарандык уюм жана аны өнүктүрүү», «Команда түзүү», «Адам укуктарын коргоонун жаңы тактикалары» ж.б. темалар боюнча семинарлардын жана тренингдердин, тренерлер үчүн тренингдердин автору жана жетекчиси.