Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча Министрлиги, жаштар институттары жана жаштар арасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатынын концепциясы боюнча долбоордун коомдук угуу иш чараларын өткөрүүдө.

Кыргызстанда жаштар саясатынын түптөлүүсүнө жазы коомду тартуу үчүн аянтча куруу, коомдук угуу иш чараларынын негизги максаты болуп саналат. Бул иш чарага мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жаштар парламентинин жана өлкөнүн бардык аймактык жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышышат.

Бул иш чара Кыргыз республикасындагы БУУӨП “Демократиялык башкаруу” программасынын жаштар долбоорунун, “Сорос-Кыргызстан” фондунун жаштар программасынын, калкты орноштуруу чөйрөсүндө БУУнун Фондунун, ЮНИСЕФтин  колдоосу менен уюшулууда.

Концепциянын долбоорунун кыргыз тилиндеги электрондук варианттарын бул жерден табууга болот.

Бардык каалоочулардын  2011- жылдын 15 — августунда  Бишкек шаарында, “Достук”  мейманканасынын “Амфитеатр” залында болуп отуучу коомдук угуу иш чараларына катышууга мумкунчулугу бар. Башталышы – саат 9:00.

Тегерек столдун уюшулуусу жана өткөрулүүсү боюнча бардык суроолор менен Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча Министирлигинин Аймактык жана социалдык башкармалыгынын байланышуучу адиси Иманбаева Жылдыз айымга төмөнкү телефон боюнча 312 300-845 же электрондук  дарек jyldyz_mdm@mail.ru боюнча кайрылсаныздар болот.