Ким: Билим берүү демилгелерин колдоо фонду, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, 14 ресурстук мектептин администрациясы

Эмне: “Мектеп – коомдук биригүүнүн борбору” долбоорунун алкагында Кыргызстандын түштүгүндөгү 14 ресурстук мектепке оргтехника берүү.

Качан: 2012-жылдын 17-февралында, саат 14.00дө.

Кайсы жерде: Ош шаарындагы (Юго-восток району) “Илим” билим берүү комплексинде

Долбоор жөнүндө:

“Мектеп – коомдук биригүүнүн борбору” долбоору “Сорос-Кыргызстан” Фондусунун “Билим берүү реформасы” программасынын каржы жагынан катышуусу менен Билим берүү демилгелерин колдоо фонду тарабынан ишке ашырылат.

Этникалык басымды азайтуу үчүн социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында Кыргызстандын түштүгүнөн 14 мектеп (6 – Жалал-Абад, 2 – Баткен облустарынан) окуучулардын көп этникалуулугу эске алынуу менен тандалып алынган.

Ар бир мектептин базасында курамына: окуучулар, директор, социалдык педагог, тарбиялык иштер боюнча башчы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү кирген коомдук биригүү комитети (КБК) түзүлгөн. Мектептин администрациясы комитеттин толук кандуу иштөөсү үчүн орун таап берет. Демилгени мындан ары ишке ашыруу үчүн оргтехника үчүн кандай ресурстар керек экендигин ар бир мектеп өздөрү белгилешти. 14 мектеп жалпы суммасы 12 600 АКШ долларына (ар бирине 900 АКШ долларынан) оргтехникаларды (өздөрүнүн техникалык ресурстарга керектөөлөрүн комитеттер өздөрү белгилешкен – компьютерлерди, принтерлерди, фотоаппараттарды, видеокамераларды, проекторлорду ж.б.у.с.) алышат.

Ресурстук базалары түзүлгөндөн кийин комитеттер өз жеринде практикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн этаптык окуудан өтүшөт. Баары болуп 126 адам (70 бала, 56 чоң адам) окуйт. Окуган КБКлар биринчи модулдан кийин мектеп парламентине демократиялуу тандоону ачууну уюштура жана өткөрө алат. Экинчи модулдан кийин – жергиликтүү жамаатта болгон көйгөйлөрдү идентификациялай алат жана аны жоюунун жолдорун белгилей алат. Үчүнчү модулдан кийин – өзүнүн жамаатынын деңгээлинде кошуналар арасындагы мамилелерди өнүктүрүүгө тоскоолдук болуучу көйгөйлөрдү идентификациялоого жана чечүүгө жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн, окуучуларды тарта алат, өз ара мамилелерди турукташтырууга жана этникалар арасындагы басымды азайтууга багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорду демилгелеп, аны жергиликтүү жамааттар менен бирге жүзөгө ашыра алат.

“Бул долбоор өзүнөн Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалар арасындагы мүмкүн болгон кагылышуулардын алдын алуу үчүн шарттарды түзүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүгө аракет кылууну көрсөтөт. Кагылышууга барган тараптардын негизги кыймылдатуучу күчү жаштар болуп саналганын эске алуу менен, долбоор алардын пайда болуу стадияларында көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жергиликтүү жамааттарды, өспүрүм муундарды тартууга шарт түзүүгө багытталган. Мектеп – жаштарга кошуналар менен жана көп түрдүү маданий коомдо ынтымактуу жашоо принцибин гана окутуу менен чектелбестен, ошондой эле иш жүзүндө жамааттардын ортосунда кошуналар менен ынтымакта жашоодо жаштардын өздөрүнүн салымын кошууга мүмкүнчүлүк берген коомдук биригүүнүн борбору катары чыгат”, – дейт долбоордун жетекчиси Татьяна Матохина.