2012-жылдын 29-мартында Ош облусунун Токтогул атындагы облустук китепканасында “Дүйнө балдардын көзү менен” сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлүп, анда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 100 сүрөтү коюлат. Долбоор “Келечек мекени” КФсы тарабынан “Мен өлкөмдү жакшыртам!” багытынын алкагында “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ММКларды колдоо” программасынын жардамы менен ишке ашырылат.

Өткөн жылдын октябрынан баштап балдардын 3 тобу (2 топко Кара-Суудагы атайын дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынын 20 баласы, балдардын үчүнчү тобуна — Ош шаарынан майыптыгы ар түрдүү деңгээлдеги мүмкүнчүлүгү чектелген 5 бала, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 6 бала, 2 жетим бала, 2 кароосуз калган бала камтылган) түзүлгөн. Топторду түзүүдө «Smile KG» КФсынын кызматкерлери колдоо көрсөтүшүп, тренер-сүрөтчү катары жергиликтүү адис Фаниль Зиазидинов, ымдап которуучу катары Сайрагүл Самибаева тартылышты. Долбоордун катышуучулары кесипкөй эмес үйрөнчүк камера менен сүрөт тартууну үйрөнүштү.

“Биз долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эле эмес, бир катар кароосуз калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын дагы камтууну чечтик. Сүрөттөрдүн жардамы менен биз социалдык көйгөйлөргө, балдардын кароосуз калуу маселелерине коомдун көңүлүн бура алабыз. Аларга өздөрүнүн ички дүйнөсүн көрсөтүүгө жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүү маанилүү”, — деп айтат катышуучуларды тандоо жөнүндө долбоордун жетекчиси Каныкей Өмүрбекова. “Биз айылдын балдары (интернаттын тарбиялануучу балдарынын көпчүлүгү айылдан келишкен) — бул ички мүмкүнчүлүгү бар, алдыга умтулган жана өздөрүнүн ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелгенин сезген, бирок өнүгүүнү, жаңы нерсени үйрөнүүнү каалаган балдардын чыныгы өзгөчө категориялары экендигин болжолдогонбуз жана адашкан жокпуз”.

Долбоордун катышуучуларынын бири он жаштагы Антон деген бала сүрөткө тартуу боюнча сабактан кийин: “Бул менин турмушумдагы эң бактылуу күнүм!” — деп айтты. Топ үчүн жоопкерчиликтүү он үч жаштагы Дария сүрөт тартуу аппараты аркылуу аалам башкача көрүнөрү, бул дүйнөнү жаңыча көрүү мүмкүнчүлүгүн берери жөнүндө өзүнүн пикирин билдирди. Он үч жаштагы Света: “Мен эми көчөдө жөн эле басып жүрбөйм, жанымдагы бардык кызыктуу, башкача нерселерди сезем. Дайыма кызык көрүнүштөрдү, анын түстөрүн жана формаларын байкоого аракет кылам”, — дейт. Дүлөй балдардын мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Асел сүрөт тартууну үйрөнө баштагандан тартып анын жашоосу кызыктуу болуп калганын белгиледи. Эми ал келечекте ким болорун билет, ал сүрөтчү болуп, сүрөт репортаждарын жасамакчы. Анын классташы Зулкайдар биринчи эле практикалык сабакта кесипкөй-сүрөтчүлөр тарткандай сүрөттөрдү тартып уюштуруучуларды таң калтырды.

Ымдап которуучу Сайрагүл кулагы укпаган балдардын көрүү боюнча кабыл алуусу өнүккөнүн, алар көргөнүн өтө мыкты кармап жана эске тутуп каларын түшүндүрдү. “Менин окуучуларым биринчи эле жолу жаратылыштын кооздугун көрө алышты жана аны сүрөттө туура сактап кала алышты. Алар абдан таланттуу, билимге умтулушат, качан менин келип сабак өтөрүмдү чыдамсыздык менен күтүп турушат. Мен алар менен иштегениме абдан кубанычтамын”, — деп тренер Фаниль Зиазидинов өз таасирлери менен бөлүштү.

Майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн көпчүлүк мүчөлөрү балдары өз алдынча иштеп жатканда чочуп жана коркуп турушту. Мындай кырдаалда тренерлер алардын өздөрүнүн балдарын өз алдынчалуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө, башкалар менен сүйлөшүүдө, баланын мүмкүнчүлүгүнүн ачылышын колдоого ата-энелер менен аңгемелешүү өткөрүштү. Жыйынтыгында кысынуу азайып, бала өз кызыкчылыгы менен алектенүүгө мүмкүндүк алууга жетишти.

Мындай пайдалуу топторго мындан ары дагы алардын бири-бирине өз ара ийгиликтүү аракетте болуусуна таасир этүү үчүн начар уккан жана дүлөй балдар менен ден соолугу мыкты балдар киришти. “Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен ден соолугу чың курдаш балдардын чөйрөсүн интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө аракет жасадык. Биз алдыбызга койгон эң маанилүү милдеттердин бири – бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сабырдуу жана аларга баалуу мамиле жасоо болуп саналат. Балдарда гумандуулук, эмоционалдуу сезгичтик, боорукердик сыяктуу сапаттар тарбияланат. Тренинг-сабактардын учурунда бир нече жолу долбоорго катышкан балдардын эс-учун жоготуп койгон учурларына күбө болдук. Мындай көрүнүштөргө карабастан, балдар активдүү болуп, көңүлдөрү куунак, эмоциялары жакшы жана жаркын таасирлер менен жүрүштү. Биз, кайсы болбосун өнүгүүдө кемчили бар адам тиешелүү шарттарда толук кандуу инсан болоруна, руханий жактан өнүгөрүнө, материалдык жактан өзүн камсыз кыла ала турганына жана коомго пайда келтирерине ишенебиз жана балдарыбызга айтабыз”, — дейт Каныкей Өмүрбекова.

Долбоор иш жүзүндө биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен ден соолугу чың балдарды чогуу сүрөт тартуу аркылуу гана окутуп, тарбиялоо идеясын ишке ашыргандыгы менен өзгөчөлүү.  Буга чейин мындай балдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүү уюштурулган болчу.

Кара-Суу районундагы дүлөй балдардын интернаты республиканын түштүк аймагы боюнча мындай бирден-бир мекеме болуп саналат. Балдарда сүрөткө тартуу боюнча сабакка абдан чоң кызыгуу пайда болду жана өз ара алар долбоордун ишмердүүлүгүн “сүрөт тартуу боюнча кружок” катары атап алышты.

“Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн сүрөткө тартуу долбоору “Мен өлкөмдү жакшыртам!” сынагынын алкагында биздин программанын колдоосу менен болду. Биз маалыматтык курам бөлүктөрү бар жана социалдык тематика менен байланышкан долбоорлорду тандап алдык. Бизге, эгерде балдар ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан, сүрөт репортаждарын жасай алышса, бул алардын өз дүйнөсүн, өз керектөөсүн бере алууга жардам берет, а биз болсо иш аркылуу аларды жакшы түшүнүп, алардын көйгөйлөрүн кабыл алып калабыз”, — дейт “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ММКларды колдоо” программасынын директору Элина Каракулова.

Долбоордун катышуучуларынын айрым иштери:

«Отургучтагы жалбырактар” Абдиразакова Азизанын сүрөтү, 1996-ж.т. Калинин атындагы орто мектепте окуйт, Жакшы окуйт, Жайбаракат оюндарды жакшы көрөт. Толук эмес үй-бүлөдө тарбияланат. Диагнозу ДЦП.

«Жалгыз ай» Камал кызы Аселдин сүрөтү. Кара-Суудагы атайын дүлөй балдар үчүн мектеп-интернаттын 6 «Б» классынын окуучусу, 1972-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунан келген.

“Менин айылымдын талаасы». – Бул биздин айылдын жашоочулары пахта айдаган талаа.  Турсуналы кызы Айзиректин сүрөтү, 1996-ж.т. – Кара-Суудагы атайын дүлөй балдар үчүн мектеп-интернаттын 8-«А» классынын окуучусу. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келген.