Бишкек ш. 2012 жылдын чын куран айынын 24-28де кыргыз жана өзбек тилдүү басылма ММКнын жана он-лайн чыгарылыштарынын журналистери  катышкан  тренинг болуп өттү. Тренинг  «Арачылык элдештирүүчүлөр тармагы» Коомдук фондунун Тынчтыкка умтулуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technology) Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШнын демократияны алгалоо институнун (NED) колдоосу астында уюштурулду.

Окууларды, ММКы аркалуу чыр-чатактуу аймактарда  тынчтыкка умутулуунун баарлашууларын түзүүдөгү күндөлүк бай тажрыйбалары жана ыгы бар кесипкөй чет элдик тренерлер — Ашот Меликян (Армения), Ариф Алиев (Азербайжан) жана Эран Френкел (АКШ) жетектеп өткөрүштү. Техникалык ыктар тоолу-карабак чыр-чатагынан кийин ийгиликтүү ишке ашкан биргелешкен долбоор Түштүк Кавказдын тажрыйбасына ,  ошондой эле Македониянын (Балкан)  мултиулуттук журналистик командаларда биргелешкен репортаждарды жараткан тажрыйбаларына таянат.

Алгачкы тренингте  конкурстук тандап алуудан өтүшкөн Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын 15 журналистери чыр-чатак жана постчыр-чатак учурларында маалымат булактары менен иштөөнүн ыктарына окушуп, алардын журналистикалык ишмердигине  керектүү күндөлүк китеби болуп кала турган, өзгөчө көп таркаган адаттар жана эн тамгалардын глоссарийин түзүштү.

«Мен,  репортерлордун, адаттардын Глоссарийинин үстүнөң иштеп жаткан учурунда кызыгуу ышкысын байкадым – дейт Бакулук медиа-тренер Ариф Алиев. – Кыргыз жана өзбек журналистеринин айрым адаттар туурасындагы ачык талкуулары алардын көз алдында жокко чыгууга дуушар болуп жатты. Биздин тренинг ошондой эле репортерлордун ортосунда буга чейин мындай баарлашуу баштан кечирбеген талкуу жүргүзүүчү  аянты болуп калды».

Тренингдин чегинде дүйнөнүн башка булуң-бурчтарындагы этникалар аралык чыр-чатактар темасында бир топ талкуулар болуп өттү. Республика Кипрдин этникалар аралык маселелери туурасында документалдуу тасманы коллективдүү көрүү үюштурулду.

АКШнын медиа-тренери Эран Френкелдин жетектөөсү астында,  катышуучулар командалык репортаждарды даярдоо курсунан өтүштү. Бул, кыргыз жана өзбек тилдүү ММКнын репортерлор тобунун бир теманын үстүнөн иштеген, жыйынтыгында тең салмактуу продукт келип чыккан көйгөйдү талдаган, чыр-чатактын баардык жактарына интервью жүргүзгөн,  жергиликтүү журналистикадагы жаңы ыкма. Окуу репортаждарын даярдоо,  маалыматты чогултуу жана даяр иш кагаздардын бет ачаарын жасоого багытталган практикалык окууларга чыгуулар менен коштолуп турду.

«Кыргыз жана өзбек журналистери чөйрөгө сүңгүп кире алышты, Бишкекте жергиликтүү түзүмдөргө барышты жана көптөгөн окуяларды жазышты. Репортерлор биригүүнүн талуу жерлерин таба алышты жана жаралуу тема боюнча биргелешип маалымат жазууга аракет жасагандыктары  шыктандырат дейт  Эран Френкел».

Мектептин  медиа-программалары үчүн негизги тренингдик иштер, долбоордук тобунун алдын ала мониторинг жүргүзүүсүнөн соң кыргыз, өзбек жана орус тилдүү Кыргызстандын басма сөзүндөгү контентинде анын ичинде калып алып жана эн тамга болуп калган,  душмандыкты козуткан, ошондой эле эксперттерди анкеталар аркалуу байкоо жүргүзгөндөн кийин,  тренерлер тарабынан иштелип чыккан. Мамлекеттик тилге синхрондуу түрдө котормо уюштурулду.

Мектептин программасында быйылкы жылда ушундай тренингдердин бир канчасын өткөрүү турат.

Долбоор туурасында:

«Тынчтыкка умтулуу жана медиатехнологиялар мектеби» долбоору массмедиа аркалуу тынчтыкты колдоо жана сактоо механизмдерин иштеп чыгууга, түштүк Кыргызстанда жана Фергана өрөөнүндө чырчатактардын ырбашын токтотуу жаатында окуу жана иш алып барууга багытталган.

Мектептеги көп баскычтуу даярдык ММК аркалуу тынчттыкты колдоо интрументтери боюнча тренингдерди өткөрүүнү, ар кыл этникалык топтор ортосунда тил табууларды түзүүнү, улуттук азчылык үчүн ММКын өркүндөтүүнү, ар кыл этникалык топтордун арасынан активистер жана укук коргоочуларды кризистүү коммуникациянын ыктарына окутууну карайт. Мектеп Улуттук Демократияны алгалоо фонду (NED) жана «ММКын колдоо», «СоросКыргызстан» Фонду программаларынын көмөктөшүүсү аркалуу уюштурулду.

Камилла Асыранкулова

«Тынчтыкка умтулуу жана медиа-технологиялар мектебинин» долбоор жардамчысы

720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас көч. 101/1

Тел: +996 312 694015, 694016, моб: +996 700 993786

Email: peacemakingschool@gmail.com, camilla.asyrankulova@safe-mail.net

Сайттын дареги: www.ca-mediators.net