Республикасындагы жаштардын коомдук өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес (юридикалык статуска ээ) уюмдарынын ортосунда Кыргызстандын жаштарынын арасында баалуулук багыттарын калыптандырууга жана чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча гранттык сынак жарыялайт.

Сынактын максаты – жаштар арасында социалдык, нравалык жана маданий баалуулуктарды илгерилетүү.

Долбоордук сунуш киргизүүчү уюмдун долбоорлору үчүн негизги критерийлер:

  • долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн жүрүшүндө анын жыйынтыктарына жетишүү;
  • максаттык топтун абалын жакшыртуу үчүн сандык/сапаттык жактан өлчөнө турган таасир берүү;
  • сунуш берүүчү уюмдун потенциалы жана профессионалдык мүмкүнчүлүктөрү;
  • реалдуу жана негиздүү бюджет.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – бир жылдан ашык эмес.

Гранттын максималдуу суммасы – 10 000 АКШ доллары.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо:

  • Долбоордук сунуштар (сунуш жана бюджет) жазуу жана электрондук түрдө гранттык сунуштун формасына ылайык толтурулушу зарыл (http://soros.kg/?page_id=43);
  • Сунуштар кыргыз же орус тилдеринде ар күнү, дем алыш же майрам күндөрүнөн сырткары, 2012-жылы 20-июль саат 17:00кө чейин кабыл алынат;
  • Электрондук түрдө толтурулган сунуштарды applications@soros.kg электрондук дарегине, ал эми жазуу түрүндө толтурулган сунуштарды төмөндөгү дарекке: КР, 720040, Бишкек ш., Логвиненко к. 55А, тел.: (312) 66-34-75 кошумча 146  «Жаштар демилгелери» Сынагына» деген билдирүү менен жиберүү зарыл;
  • Толук эмес толтурулган жана тапшыруу мөөнөтүнөн кечиккен сунуштар кабыл алынбайт;
  • Тапшыруу мөөнүнө жетишүү үчүн региондордон жазуу түрүндөгү сунуштарды курьер же почта аркылуу алдын алаа жиберүү зарыл;
  • Сунуштарды тандоо Жаштар программасынын Эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт;
  • Гуманитардык жардам көрсөтүү, курулуш, ремонт же социалдык объекттерди кайра курууга багытталган долбоордук сунуштар жана саясий, диний, спорттук чараларды өткөрүүгө багытталган долбоорлор каралбайт;
  • Долбоордук сунуштар кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт.