“Күн нуру” коомдук фонду (Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш.) 2012-жылдын январынан бери “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Шаарчаларга чукул жардам” багыты боюнча “Үйдө балдарды жылытуу менен алардын жүрөгүн жылытабыз” долбоорун ишке ашырууда.

Бул демилгенин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган 60 үй-бүлө электр жылыткычтарын, матрац-жылыткычтарды алышты. Үй-бүлөлөргө жылытууга жумшалуучу чыгымдар дагы төлөп берилди. Эми балдардын ата-энелери үнөмдөлүп калган акчаларды балдарынын дарылануусуна жана тамактануусуна жумшай алышат. 30 балага гигиеналык керектүү буюмдар сатып берилди. 30га жакын бала компьютердик билим алды. Компьютерди колдоно албаган балдарга дисктердеги көрмө продукцияларды кароо мүмкүнчүлүгү уюштурулду.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган дээрлик бардык үй-бүлөлөр жакырчылыктын чегинде турушат. Майып баланы дайыма карап туруу керек, бирок көп ата-энелер иштешпейт. Көпчүлүгү пенсиянын эсебинен гана жашап келишет. Мындай үй-бүлөлөр үчүн эң оор мезгил – кыш. Бул мезгилде балдар көп оорушат. Шаардык квартиралардын көпчүлүгүндө жылуулук жана ысык суу жок. Жеке менчик үйлөрдө жашагандар болсо көмүр сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт.

“Мен, майып балдары бар ата-энелерди башкалардан жакшы түшүнөм, — дейт “Күн нуру” КФсынын директору Светлана Халбаева. – Менин балам да алардын бири. Кыш мезгилинде, айрыкча ар бир тыйын эсептелүү болуп турган мезгилде үйдө жылуулукту жана жайлуулукту камсыз кылуу кыйын экендигин билем. Мындай үй-бүлөлөрдүн кирешеси жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунан төмөн. БЦП (балдардын церебралдык параличи) диагнозу жана опордук-кыймылдатуучу аппарат оорусу бар балдар суукта бөтөнчө аялуу болуп кетет. Кичине гана суук болсо алар өздөрүн жаман сезишет, алардын буту-колу муздай баштайт. Алар башкалар сыяктуу жашоо, окуу, компьютерде ойноо, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жоготушат”.

Дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жашоо, үнөмдөө, аз тамактануу боюнча өз таржымалдары бар. “Бизге ушундай жардам көрсөтүлөрүн, мен күткөн эмесмин, — дейт БФП менен ооруган Антон Куслиндин апасы Ирина. – Кышы бою биз буржуйканы (колго жасалган темир меш) пайдалануу менен үйдү жылыттык, андан улам кышында дубалдын беттерин ыш каптап калды. Биз көмүр сатып алууга аргасыз болдук. Бул биз үчүн аз эмес чыгым. Мен дайыма электр жылыткыч сатып алууну эңсечүмүн, бирок буга каражат жетчү эмес. Азыр менин балам жылуу төшөктө уктайт, мен ага суук болбоду бекен деп беймаза болбойм. Бул керемет эмеспи?” — деп кубанат оору баланын энеси.

Долбоордо ата-энелер, фонддун волонтерлору, ошондой эле социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери иштешти. Гуманитардык жардамды ташуу үчүн транспортту “Кызыл-Кыя ПАТП” АКсы бөлүп берди.