“Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укуктук программасынын “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелердин укуктук сабаттуулуктарын жогорулатуу” долбоорунун алкагында Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын (МБАА) укуктук клиникасы ачылган. Долбоордун жыйынтыгы боюнча 98 ата-эне укуктук кеңештерди алышты. Көйгөйлөр майыптыкка жөлөкпулду, алименттерди тариздөө, балдарды мектепке, бала бакчага жайгаштыруу, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга тийиштүү болду. Долбоордун ишмердүүлүгүнүн ичинде үч майып жаш адам кондитердик курстан окуп, үч ата-эне чачтарачтык курсунан билим алып, алардын бирөө белгилүү салондо иштеп калды.

Оор майып Викинин жалпыга билим берүүчү мекемесинде билим алышы бардык ата-энелер үчүн жакшы үлгү болду. Вики калемсап кармай албайт, сүйлөй да албайт, эптеп-септеп эле отурат, бирок жакшы түшүнөт. Ал 1-классты ийгиликтүү аяктады. Аны үлгү кылып 3 ата-эне балдарын коррекциялык класстан кадимки класска которууга аракеттенишүүдө, бирок комиссия макулдук бербей койсо, белгилүү кыйынчылыктар болору шексиз. Анда МБААнын өкүлдөрү ар түрдүү инстанцияларга кайрылуу менен жардам берүүгө аракеттенишет.

Түздөн-түз МБАА аркылуу майып балдарды караган ата-энелердин көйгөйлөрү көтөрүлгөн. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюмдардын сунуштарынын жардамы менен алардын эмгегине төлөп берүүнү жүргүзөт. “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге эмгек акы белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө” жобосу иштелип чыкты.

“Аутизм” жана “баланын мээден шал оорусу” диагнозу бар балдар үчүн эки өз алдынча жардам топтору ачылган. Ар бир топто 20дан ата-эне бар. Ата-энелер үчүн мыйзамдардын алынган сунуштар менен 150 даана окуу куралы дагы чыгарылган. Бир жыл ичинде 70тен ашык ата-эне катышкан беш укуктук тренинг өткөрүлгөн.

Жакында Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында эки МБААнын мүчөсү менен ата-энелердин өз алдынча уюмун ачууга көмөк көрсөтүлдү. Ысык-Көлдө Эл аралык жайкы лагерди өткөрүү учурунда укуктук көчмө клиника ачылып, анда ата-энелер өздөрүнө керектүү суроолорго жоопторду ала алышты. Долбоордун алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин укуктарына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга талдоо жүргүзүлдү.

“Бул аткарылган иштердин бир бөлүгү гана, бирок көпчүлүгү али аткарылууга зарыл болуп турат, ошондуктан майып балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмушун өзгөртүү боюнча иштер улантылууда” – дейт долбоордун жетекчиси Тамара Жумабекова.

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы

“Сорос-Кыргызстан Фондусунун Укуктук программасы

“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелердин укуктук сабаттуулуктарын жогорулатуу” долбоору

Долбоорду ишке ашыруунун датасы: 2011-жылдын 1-августунан 2012-жылдын 1-августуна чейин

Долбоордун координатору:

Жумабекова Т. К.