Талас облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарГА киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү жүргүзүүгө үйрөтүү жана гуманитардык жардам

2012-жылдын 21-22-августунда Талас шаарында өз алдынча жардам топторун түзүү, киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү, каржы документацияларын жана өз алдынча жардам топторунда отчеттуулукту жүргүзүү боюнча окутуучу тренинг өткөрүлөт. Таластык өз алдынча жардам топторунун тажрыйбалуу жетекчилери тренер катары чыгып сүйлөшөт.

Тренингге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА), катаал жашоо кырдаалында жашаган адамдар катышат. Алар эки өз алдынча жардам топторуна (ӨЖТ) бириктирилген.

“Биригүү Союзу” КБсы “Бири-бирибизге чогуу жардамдашабыз” долбоорунун алкагында окутуучу иш-чаранын демилгечиси болуп эсептелет. Бул дүйнөлүк экономикалык каатчылык шарттарында калктын аялуу топторуна жардам үчүн Ачык Коом Фонду (Нью-Йорк ш.) бөлүп берген Чукул фонддун алкагында долбоор “Сорос-Кыргызстан” Фонду тарабынан колдоого алынган.

Долбоордун алкагында эки өндүрүштүк цехин: тигүү цехин жана жүндү иштетүүчү цехин түзүү пландаштырылууда. Азыркы учурда жабдууларды орноштуруу, иштетүү жана станокторду туташтыруу үчүн цехтерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Өндүрүштү жолго коюу, ошондой эле өндүрүлгөн продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эки өз алдынча жардам тобу тигүү иштери жана жүндү иштетүү боюнча окутуучу тренингден өтүштү.

Өз алдынча жардам топторун бириктирүү долбоордун катышуучуларына жумушчу орундарын табууга, туруктуу киреше алууга мүмкүндүк түзөт. Продукцияны сатуудан түшкөн пайда өз алдынча жардам топторунун муктаж үй-бүлөлөрүн, ошондой эле алар түзгөн жеке ишканаларды колдоого жумшалат.

Жарандардын жакырчылык категорияларынын чегинен ашкан өтө аялуу, муктаж топторуна: жалгыз бой улгайган адамдарга, жетимдерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга гуманитардык жардам — долбоордун бөлүгү болуп саналат. Жалпы суммасы  5 220 АКШ долларга азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Бир азык-түлүк пакетинин курамына – 50 кг ун, 50 кг кант, 10 л. өсүмдүк майы жана 8 кг күрүч кирет.

Талас шаарында 300дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалды эсепке алсак, адамдардын бул категориясы аз камсыз болгон жана коомдун социалдык-аялуу катмарларына кирет. Алардын көпчүлүгү жумушка орноштурулган эмес, мамлекет тарабынан майыптыкка төлөнүүчү жөлөкпулдун деңгээли да өтө төмөн.

Тренинг 2012-жылдын 21-22-августунда Талас шаарында Бердике Баатыр көч., 198/7 дареги боюнча саат 10.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлөт. Байланышуучу адам – Эдигеева Марина Аралбековна, тел. (03422) 53487.